Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

Бүгүн Бишкекте Анжиян окуясынын --> http://www.azattyk.kg/rubrics/human_rights/ky/2005/05/FBB75EBC-3C80-4F38-91CD-A7A04ABF3023.asp үч жылдыгына, анын Кыргызстанга тийгизген таасирин талкуулаган тегерек үстөл жыйыны болот. Бул иш чараны өткөрүп жаткан “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдрасулова менен маектешмекчибиз.

-Анжиян окуясына эртең туура үч жыл болот. Бул коогалаңды эл аралык деңгээлде иликтөө кандай жүрүп жатат?

- Эл аралык деңгээлде “Хюман райтс вотч”, “МС интернешнл” уюмдары өзүнүн иликтөөлөрүн жүргүзгөн. Бирок БУУнун атайын комиссияларын, атайын докладчиктерин Өзбекстан өзүнө киргизбей койгон. Бул окуя эл аралык деңгээлде иликтенбей эле жабык боюнча калып калды.

-Эми азыр Кыргызстанда дагы канча качкын баш баанек күтүп жүрөт. Алардын акыбалы тууралуу маалыматыңыз барбы?

- Негизги качкындар 2006-07-жылдары чет өлкөгө кетишкен. Бирок ошого карабастан бүгүнкү күндө Кыргызстанга качып жүргөн укук коргоочулардын, журналисттердин, же болбосо жөнөкөй эле карапайым адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнүна качып келүүсү улантылып атат. Ондогон баш баанек сураган адам бар Кыргызстанда. Аларды чет жакка жөнөтүү улантылып атат.

-Качкын болуп Европага кеткендер кайрадан келип алып атышты эле. Алардын тагдыры тууралуу маалыматыңыз барбы?

- Кайра келгендердин тагдыры тууралуу маалымат жок. Канадага, Америкага кеткен бир нече үй-бүлө кайра кайтып келди. Үй-бүлө, мекен деген өтө назик, оор маселе. Көпчүлүгү өзү жалгыз качып кетип үй-бүлөсү, мекени бул жакта калган. Эми кайра кайтып келгендер чындыгында болду. Бирок кайра кайтып келгендердин тагдыры бүгүн биз үчүн жабык боюнча калып атат. Бирок ошол эле жергиликтүү укук коргоочулардын маалыматына караганда, кайра кайтып келгендердин тагдыры өтө аянычтуу, алардын артынан аңдуулар жүрүп, эч жакка чыкпастан, ар бир кадамы байкоодо жүргөн акыбалда.

-Анжиян окуясынан кийин Борбор Азия аймагында адам укуктары жаатында кандай өзгөрүүлөр болду. Ошол окуя кандайдыр бир сабак болду десе болобу?

-Мен дайыма укук коргоочу катары Анжиян окуясын Аксы окуясы менен байланыштырып келем. Аксы окуясынан кийин дагы эч ким жоопко тартылбастан келген, Аксы окуясынан үч жылдан кийин Анжиян окуясы келип чыкты. Анжиян окуясынан кийин Орто Азияда адам укуктарынын кээ бир көрүнүштөрү, башкача айтканда сөз эркиндиги, өз оюн эркин билдирүү, пикет, митингдерге катышуу эркиндиктери чектелип, артка кетүү байкалып атат. Ошолордун арасында мурунку КМШ өлкөлөрүндөгү эң биринчи маалыматтын арасында маалымат берүү аркылуу эркин жыйындарды өткөрүүгө жетишкен Кыргызстанда дагы аябай бүгүн артка чегинүүлөр байкалып турат.

-Башкача айтканда, Өзбекстандагы Анжиян окуясы, сиз айтып кеткендей биздеги Аксы окуясы, жакында эле болгон Түптөгү окуяларды алып караганда булардын бири-бири менен кандайдыр бир деңгээлде байланышы бар турбайбы?

-Биз ушундай байланыштырып келебиз. Себеби Аксы, Анжиян окуларынын күнөөкөрлөрү дагы жазасын, өзүнүн баасын алган жок. Ошол эле убакта бул деген ушундай катаал мамилени колдонсо боло берет экен, эч ким жазага тартылбайт экен дегендей ой жүгүртүүнү пайда кылууда. Бүгүнкү күңдө Бишкекте өтө көп окуялар болуп атат, өзүнүн оюн ачык билдирүүнү каалагандар кармалып камалып жатат. Ошол эле Түптөгү окуя дагы ошону көрсөттү.

-Азиза айым, Анжиян коогалаңынан кийин Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет аралык өз ара алакасы кандай болду?

-Өз ара мамилелери жаман жагына бурулганы байкалган жок. Бирок мен ойлойм, биздин Кыргызстандын кээ бир бийликтегилери дагы Анжияндан катаал мамилени үйрөнүштү, катаал мамилени жасай берсе болот экен дегендей. Ал эми экономикалык, коңшулук мамилелер уланып эле келатат.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG