Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

ОРУСИЯНЫН КАРА ДЕҢИЗ ФЛОТУН МАЙРАМДООДО ЧЫР ЧЫКТЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Севастополдо жекшемби күнү Кара деңиз флотунун 225 жылдыгына арналган деңиз-аскерий парад өттү. Ага отуздан ашуун орусиялык жана украиндик согуштук кемелер, 20 чакты согуштук техника жана моряктар топтору катышышты. Майрамдык салтанатка келген коноктор арасында Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков жана Москва шаарынын мэри Юрий Лужков болушту. Парадды өткөрүү боюнча Москва Украина менен 9-майда гана маакулдашууга жетишкен. Ага орусиялык согуштук техниканы Севастополдун көчөсү менен алып өтүү тоскоол болгон.

Маскөөнүн мэри Юрий Лужков демалыш күнү Кара деңиз флотунун 225 жылдыгына арналган салтанат үстүндө Орусия өзүнө Севастополду кайтарып алуу керек деп айты. Лужков буга дейре да, ыгы келе калган сайын, ушул жарыясын кайталап келет. Бул жолу Украинанын өкүмөт башчысы Юлия Тимошенко маскөөлүк коноктун кебин «чагым салуу» деп баалады.

Салтанат үстүндө Юрий Лужков болсо мындай деген эле:

«1954-жылы Хрущев бул жерлерди Украинага берип атканда алардын тизмесине Севастополь кирбей калган. Ошондуктан биз бул маселенин чечилбеген боюнча калганын айтып атабыз. Аны биз чечебиз!».

Орусиялык ордо калаа жетекчиси андан ары Севастополдун тагдырын эл аралык сот аркылуу чече тургандыгын айткан. Ошол эле жерде: «Орусия жана Украина достугу тууралуу келишимден Орусия чыгууга тийиш» - деген.

Парадды өткөрүү демилгесин көтөргөн Маскөөнүн божомолунда Севастополдун көчөсү менен орусиялык согуштук техниканы алып өтүү каралган. Ага Севастополь шаарынын жетекчиси каршы чыккан. Ошондон улам Киев: «Украинанын мыйзамы аскерий демонстрацияларды өткөрүүгө тыюу салат», деп жооп айткан.

Сүйлөшүүлөр жыйынтыгында айтылуу калаанын кыйырындагы булуңда орусиялык Кара деңиз флотунун кемелери менен украиналык Деңиз аскерий күчтөрүнүн биргелешкен парадын өткөрүү болгон.
Севастополь шаарынын жетекчиси Сергей Куницин: "Карадеңиз флоту Украинанын жеринде турат, ошондуктан биз аны менен бирге майрамдашыбыз керек дедик. Биз ал талабыбызга жеттик",-деп билдирген.

Орусиялык флоттун согуштук базасы үчүн Севастополду ижарага алуу мөөнөтү 2007-жылы бүтмөкчү. Киев билдиргенге караганда ал убакка дейре орусиялык бийлик өз флотун Украин жеринен чыгарып кетүүгө тийиш. Ошол эле учурда Маскөө да ижара мөөнөтүн дагы да узартууга үмүткер экенин жашырбайт.

Анализчилер болжолунда Орусия ал жерлер үчүн кармашты Украинанын НАТОго мүчө болуп өтүүсүнөн улам күчөтүп атат.

Кийинки келген маалыматта Украинанын коопсуздук кызматы Маскөөнүн мэри Юрий Лужковдун мындан ары ал өлкөгө келип кетүүсүнө тыюу салган жарыя таркатты. Ал жерде жазылган ырасмий билдирүүдө орусиялык саясатчы чагымдуу сөзү менен Украинанын улуттук кызыкчылыгына зыян келтирди делинет.

XS
SM
MD
LG