Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:58

Гуманитардык жардам ташыган АКШлык биринчи учак Мянмага конду


АКШнын С-130 аскер учагы бүгүн Мянмага конду. Ал “Наргис” бороонунан каттуу запкы жеген мянмалыктарга 12 тонна керектүү буюм-теримдерди алып келди. Мянмадагы табигый апааттан 28 миңден ашуун адам набыт болуп, 10 миңдеген адамдар белгисиз жоголгон. Америкалык учак Янгон шаарына Кошмо Штаттар менен Мянма бийлигинин ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин гана коно алды. АКШ Мянманын аскер бийлигин өлкөдөгү адам укутарынын абалы үчүн кескин сындап келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG