Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

“Анжиян окуясынын Кыргызстандагы жаңырыктары кечээ, бүгүн” деген темада “Кылым шамы” укук борбору тегерек үстөлдө талкуу уюштурду. Тегерек үстөл 2005-жылдын 13-майындагы Анжиян окуясына --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2006/05/C8A36EE6-CE65-49A8-9AAA-009307F007BC.asp арналды. Үч жыл илгери болгон бул окуяда өзбекстандык 187 киши окко учкандыгы расмий маалымдалып келатат. Бул окуяда ошондой эле Кыргызстанга беш жүздөн ашык качкын ооп келип, кийинчерээк алардын көпчүлүк бөлүгү БУУнун көмөгү менен үчунчү өлкөгө чыгарылып, айрымдары Өзбекстанга кайтарылган.

12-майда болгон тегерек үстөлдүн катышуучуларынын маалыматтарына караганда, жүздөгөн адамдар окко учкан Анжиян окуясы иликтенбеген бойдон калууда. Анжиян окуясынан качкан өзбекстандыктардын кыйласы БУУнун качкындар комиссарлыгынын колдоосу менен үчүнчү өлкөгө чыгарылды. Качкындар арасында өз каалоосу менен мекенине кайткандар да, өз ара келишимдерге ылайык Кыргызстан, Казакстан өлкөлөрү өзбек бийликтерине өткөрүп берген да жагдайлар бар.

Качкындарга байкоо жүргүзгөн укук коргоочу Жапарова Бактыкандын айтымында, Анжиян окуясынан кийин ооп келген качкындардын кыйласы дагы эле Кыргызстанда жашыруун жашап жатышат:

-Алар өздөрүн ачыкка алып чыккандан коркушат. Себеби биздин мамлекет тарабынан башында кемчиликтер кеткен бир топ. Мындай адамдарды өткөрүп берип коюшкан. Өзбек мамлекетинин атайын кызматтары акча сунуш кылып сатып алган учурлар дагы деле бар. Көбүнчө бекитилген маалымат катары калып калды. Ачыкка чыкпаган качкындар көп эле.

Мындай жагдайдын түзүлүшүн талкуунун катышуучулары Анжиян окуясынан кийин Өзбекстандын сыртында көптөгөн жашыруун операциялардын жасалышы менен байланыштырышты.

Талкууга катышкан белгилүү укук коргоочу, “Мемориал” укук борборунун башчысы Виталий Пономаревдун айтымында, мекенине өз каалоосу менен кайткандардын саны 50 чамалаш. Алар дээрлик АКШдан, Украинадан жана Кыргызстандан кайтып баргандар. Өзбек бийликтери аларга каршы өзгөчө катуу чараларды көргөн жок. Бирок баары бир бийликтин көзөмөлүндө калышты. Ал эми күч менен кайтарылгандардын арасында 18 жылга чейин эркинен ажыратылгандар да, бейдарек жоголгондор да бар.

Кандай болгон учурда да эң башкысы Анжиян окуясынын келип чыгышына эмне себеп болду деген суроого дүйнө коомчулугу жооп ала элек. Мунун себептерин расмий тарап маселен, Акрамия менен байланыштырууда, мындай себептер өтө эле көп дейт Пономарев:

- Башынан бери эле түшүнүксүз учурлар абдан көп, тыянак чыгаруу кыйын. Бул 90-жылдардагы Ташкендеги жардыруу сыяктуу эле. Расмий бийлик Тахир Юлдашевди күнөөлөгөн сыяктуу эле.

Кыргызстандык укук коргоочулар Анжиян окуясы менен Аксы окуясынын табияты окшош деп эсептешет. Ошондуктан, Кыргызстандагы бийликтин адам укуктарына каршы аракеттерин Анжиян окуясы менен салыштырып, баа берүү аракетин жасады.

Атүгүл тегерек үстөлдү уюштурган “Кылым шамы” уюму Аксы окуясынан, Анжиян окуясынан Кыргызстандын түштүк чегарасына жайгаштырылган качкындар лагеринен, кыргыз-казак чегарасына байланышкан маселеге Бишкектеги каршылык акциясына милициянын тоскоолдугунан, Түптөгү чагымчыл аракеттерден тартылган видеотасмаларды көрсөттү.

Түп окуясында запкы көргөн укук коргоочу Сапар Аргынбаев мындай кырдаалды эскерди:

- Кийин билип калдым, салабаттуу бир киши Сарыбулактын айыл өкмөтү экен. Мен турам, жаныбызда губернатордун орун басары турат, милиция башчысы турат. Ошол бир аялды алып келип алып “бетин тытып алчы, бетин тытып алчы” деп атат. Губернатордун орун басары ой бул эмне деп атат десе, милиция башчысы бетин тыта элек да дейт.

Кыргызстанда Аксы окуясына сот али чекит кое элек. Ал эми тынч жүрүшкө жасалган Түптөгү тоскоолдуктар боюнча жергиликтүү бийлик дагы, милиция дагы эч кандай түшүндүрмө берген жери жок.

Укук коргоочу Бурул Макенбаева адам укуктарына бийликтин чектөөлөрүн ооздуктоо үчүн Түп окуясындагы конкреттүү фактылар боюнча сотко берүүнү сунуш кылды.

Укук коргоочулардын ушул өңдүү батыл аракеттерин саясат таануучу Нур Омаров Анжиян окуясынын Кыргызстанга берген сабагы катары баалайт.

- Бул жарандык лидерлердин өз укуктарын бекем сактоо керек экендигин көрсөттү.

Бул багытта кыргызстандыктар чынында эле адам укуктарын коргоо жаатында чыйрак күрөшүп жатышат, дейт Нур Омаров.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG