Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:52

ЛИВАНДАГЫ ЧАТАК ЖАНА АНЫН ЧАТАШКАН ТАРЫХЫ


Ливанда куралдуу кагылыштар тутанган бир нече кыштак өкмөттүк армиянын көзөмөлүнө өттү. Бейрутта да абал тынчыгансыды. Бирок өлкөдөгү кырдаал дале өз жайына келе элек. Жергиликтүү тургундар азыркы араздар ич ара согушка айланып кетиши ыктымал деп кооптонууда. АКШ өкмөтү Ливандагы диний жамааттарды кайраштырып, куралдуу кагылыштарга көкүтүп жатканы үчүн Иран менен Сирияны айыптады. Деги Ливандагы куралдуу кагылыштар саясий тирешпи же диний аразбы? Ушул темада “Азаттыктын” кабарчысы Эндрю Таллинин суроолоруна Жакынкы Чыгыш боюнча америкалык белгилүү эксперттердин бири Энтони Кордесман жооп берди.

Ливанда бери эле дегенде он жетидей, балким,андан да көп диний мазаптар жана жамааттар бар, алардын баары өздөрүн саясий күч катары санашат. Андыктан азыркы окуялар саясий күрөшпү же диний аразбы – муну Энтони Кордесман так ажыратып айта албайт.

Бирок Кордесман Ливанда азыр жүрүп жаткан бийлик талашы 1950-жылдары башталганын эске салды. Андан 20 жылдан кийин ич ара согуштун оту тутанды, ал ушул кезге чейин кайра жангыс болуп басыла элек. Бул жагдайды тышкы оюнчулар ар кандай деңгээлде пайдаланып келатышат. 1982-жылы Израил жергиликтүү христиандарга колдоо көрсөткөнү түштүк Ливанга басып кирген соң шейиттердин “Амал” жана “Хезболла” кыймылдары жанданды.

Иши кылып, бул аймактагы абал жөнөкөй эмес, дейт Кордесман. Ливандагы шейиттер менен Ирандын тарыхый байланышы бар. Сирия болсо Ливанды эч качан эгемен мамлекет катары кабыл алган эмес. Ливанды сириялыктар дүйнөлүк экинчи согуштан кийин Франция күчкө салып тартып алган өз жериндей көрүшөт. Акырында региондогу бир катар өлкөлөр Ливанда сүннүлөрдүн позициясы начарлап кеткенин чоң проблема деп эсептешет.

Кордесман Ливандагы окуяларды үч оюнчу катышкан шахматка окшоштурат. Алардын так белгиленген эч кандай эрежеси жок. Иран менен Сирияга калганда Ливан Израилге кысым жасоо мүмкүндүгү, ошондон кийин гана барып диний айрымачылыктан чыккан араз десе болот. Айтор, Ливанда тышкы оюнчуларсыз эчтеме болбойт, дейт Кордесман.

Бейруттагы төрт күндүк куралдуу кагылышта кырктай киши бөөдө кыргынга учурады. Арап мамлекеттер лигасына кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Каирде чукул жыйын өткөрүп, Ливандагы араздашкан бардык тараптарды уруштарды тезинен токтотууга чакырды. Мындан эки күндөй мурда “Хезболла” батыш Бейруттан куралдуу отряддарын чыгарып кетти. Бирок шаардын негизги транспорт түйүндөрү, алардын ичинде эл аралык аэропортко кеткен жол дале “хезболлачылардын” колунда турат.

XS
SM
MD
LG