Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:32

Аида Касымалиева, Прага Бүгүн 13-майда Өзбекстандын Анжиян шаарындагы кандуу окуяларга туптуура үч жыл толот. Үч жыл илгери болгон бул окуяда өзбек өкмөтүнө каршы чыккан 187 киши окко учкандыгы расмий маалымдалып келатат. Байкоочулар адатта өкмөттүн мындай кадамдарын каттуу сындаган Батыш сонку мезгилде эмнегедир расмий Ташкентке жумшак мамиле жасап жатканын белгилешет. Геосаясий кызыкчылыктары үчүн Батыш Анжиян коогалаңын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2005/05/83BAE26B-B26E-4C73-891E-E85E40E98436.asp унуттубу?

2005-жыл. 13-май. Анжиянда бир нече миң адам өкмөткө каршы наарзылык акциясына чыгып, аларга карата ок жаадырылган. Өзбекстандын расмий бийлиги 187 адамдын курман болгонун, алардын көбү жоокерлер экенин ырасташса, укук коргоочулар менен акциянын катышуучулары кеминде 700 адамдын атып өлтүрүлгөндүгүн кабарлашкан.

Үч жылдан бери Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Анжияндагы окуяны аймакта Ислам халифатын түзгүсү келген “Акрамия” деп аталган топтун жолдоочулары уюштурган деген өңүттөн көрсөтүп келет.

Өзбек мамлекеттик сыналгысы Анжияндагы калабаны уюштурууга катышкан деп камалган бир нече адамдын сотун элге көрсөткөн. Алар күнөөсүн өз мойнуна алышкан.

Укук когоо уюмдарынын пикиринде бийлик буга камалган адамдардын коркутуп-үркүтүү аркылуу жетишкен.

Анжияндагы тополоңго катышкандардын арасында буга чейин түрмөгө чабуул жасап, бир нече кишини барымтага алган куралчан адамдар бар болчу. Бирок Анжиян коогалаңынын күбөлөрү нааразылык жүрүшүнө чыккандардын негизин экономикалык жактан кыйналган карапайым адамдар түзүшкөндүгүн белгилешет.

Шухрат - Анжияндын жанында жайгашкан айылдан. Анын айтымында, элди акцияга түртүп чыгарган негизги себептер - жакырчылык менен жумушсуздук эле.

-Баланча бүгүн нан жеп атыптыр деген сөздөр болоор эле кыштактарда. Ошондой маселелер бар. Ишенбесеңер ал адамдарды көрсөтө аламын. Ак нан жеш биз үчүн авторитет. Чындыкты айтып жатам. Аппак ундан нан жеген үйбүлөнү баары кеп кылышат. Демек ал чириген бай.

Укук коргоочулардын байкашынча, эл аралык коомчулук Анжиян окуясын унутуп, Батыш энергетикалык коопсуздукка көбүрөөк маани берүүдө.

“Эл аралык мунапыс” уюмунун Борбор Азиядагы изилдөөчүсү Мейси Уэйчердинг мындай дейт:

-Апрель айынын аягында Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Өзбекстанга каршы санкциялар боюнча масилет курушкан. Биз анын жыйынтыктоочу документин окуп чыгып, Анжиян тууралуу бир да сөз тапкан жокпуз.

АКШ менен Евробиримдик Анжиян окуясын көз карандысыз иликтөөгө алууга чакырганы менен, бул ишке ашпай калган.

Анжиян трагедиясынан кийин Евробиримдик Каримовдун өкмөтүнө каршы бир катар санкцияларды киргизген. Анын ичинде курал эмбаргосу кабыл алынып, 12 жогорку даражадагы кызматкерлерге виза бербөө чечими чыккан. Бирок виза алууга уруксаты жок өзбек аткаминерлеринин тизмесинен төртөө азыр ал уруксатты кайра алышты. Быйыл апрель айында виза бербөө чечими 6 айга узартылган.

Кошмо Штаттар да Анжиян коогалаңы үчүн Өзбекстанды каттуу сындаган. Ага жооп кайтарып Ташкент дароо Өзбекстандын түштүгүндө жайгашкан Карши-Ханабад аскер базасынан америкалык жоокерлерди айдап чыккан.

Бирок акыркы убакта Ташкент Батышка жумшагыраак мамиле жасай баштады. Өткөн жылы Ташкентте бир нече чет элдик делегациялар болуп кайтышты. Президент Каримовдун өткөн жылкы сүйлөгөн сөзүнөн ал Батыш менен кайра жакын алакада болууга даяр экенин аңдаса болот.

Каримовдун сөзүндөгү мындай жылуу ноталардан көп өтпөй Өзбекстандын түштүгүндө жайгашкан Термез шаарындагы өзбек согуштук объектилеринде НАТО күчтөрү пайда болду.

Регионалдык серепчилердин баамында, Евробиримдик да энергетика, газ маселелеринен улам Ташкентке каршы катуу чараларды көрө албай жатат.
XS
SM
MD
LG