Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:36

ОРОЗБЕК ДҮЙШЕЕВ: КУМТӨР БОЮНЧА СОТ ЧЕЧИМИ КЫРГЫЗСТАНДЫН САЯСИЙ АБРОЮН ТҮШҮРӨТ


Кыргызстандын Жогорку Соту Жогорку Кеңештин вице-спикери К. Исабековдун арызын карап чыгып, “Кумтөр” алтын кен долбоорун жаңылоо --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/7E338020-1FD8-4820-8E5B-5309DD563CF5.asp тууралуу өкмөттүн 2003-жылдын 31-декабрында чыгарган токтомун жокко чыгарды. Соттун мындай чечиминен кийин “Кумтөр” алтын кенинин айланасындагы талаш-тартыштар, сүйлөшүүлөр кайра башынан башталмакчы. Бул маселе боюнча “Азаттыкка” Кыргызстан тоо кенчилер ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев өзүнүн ой-пикирин айтып берди.

- Соттун чечими менен "Кумтөрголд" жана "Центтерраголд" компанияларынын ортосундагы инвестициялык келишим жокко чыгарылды. Сиздин оюңузча сот чечиминен кийин "Кумтөр" алтын кенинин айланасындагы кырдаал кай жагына өзгөрөт?

-Бул абдан ойлонбогон чечим болуп калды. Бул Кыргызстандын жалпы эле саясий аброюна шек келтирет. Кыргызстанда туруктуулук жок экенин эл аралык коомчулуктун алдында көрсөтөт. 2003-жылдагы 31-декабрдагы токтомду алып салуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңеште 2004-жылы эле чыккан. Ошол чечимди өз убагында колдонуш керек эле. Эми андан бери төрт жарым жыл өттү. Төрт жарым жылдан кийин аны жокко чыгаруу, демек төрт жарым жыл ичиндеги жасалган иштер жок дегенге барабар болуп калышы мүмкүн.

-Айрым байкооочулар бул жерде саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы ойноп жатат деп белгилеп жатышат. Кыргыз бийлиги бул жерде тымызын түрдө эки тараптуу оюн кылып аткан жокпу? Алмаз Атамбаевдин учурунда канадалык тарап менен эпке келип жаңы келишим түзүлсө, эми К. Исабековдун арызы менен баары кайра артка кетип жатпайбы?

- Андай болушу да толук мүмкүн. Биздин элдин 80 пайызы сотторго ишенбейт деп айтылып келатпайбы. Бул чечим абдан олдоксон ойлонбогон чечим болуп калды. Убакыт өтүп кеткенден кийин мындай чечимдин зарылдыгы жок эле. Адистердин оюу боюнча Атамбаевдин учурунда түзүлгөн жаңы келишим абдан туура болчу. Бул чечимди президент да жактырган. Бул абдан чоң жетишкендик эле. Келишим иштеп турганда Кыргызстандын азыр банктарда бир миллиард доллар активи болмок. Быйыл эле 60 миллион доллар казынага түшмөк. “Кумтөрдөн” түшкөн жалпы пайданын бир пайызы Ысыккөл аймагын өнүктүрүүгө жумшалмак.

Эми ушундай келишимди президент жактырып турса, өкмөт жактырып турса, эл жактырып турса, бул ишти конфликттүү кырдаалга алып келиштин өзү соттордун эч кандай элди ойлобогондугун көрсөтөт.

-Эгерде “Центерра Голд” компаниясы эл аралык сотко кайрылса, алар менен кармашканга кыргыз тараптын күчү жетеби?

- Алар буга эчак эле даярданып койгон. “Центерра” бир жарым-эки миллиард доллар жоготууга учурайт. Ошону үчүн алар эл аралык сотко кайрылат. Мунун Кыргызстан үчүн түйшүгү, кыйынчылыгы чоң болот.

-Геология агенттиги “Кумтөр” кенинде үч участкада ишти токтотуу боюнча тиешелүү кагаздарды даярдап жатыптыр. Эгер иш ушундай кете берсе “Кумтөрдө” иш таптакыр токтоп калышы мүмкүн да.

-Токтосо “Центерра” чоң жоготууга учурайт. Анын уставдык капиталы, активи үч миллиард доллар, анын бир жарым-эки миллиарды Кыргызстанда. Демек, алар сотко беришет сөзсүз. “Центерранын” аркасында болжол менен 15-20 миң адам турат. Сот иши бүтмөйүнчө “Кумтөрдө” ишти токтото албайт. Сот кеминде эки-үч жылга созулат. Ал убакыт ичинде “Центерра” азыркы иштетип аткан жердин каймагын шыпырып алып, анан ишти ткототуп коет. А Кыргызстан бир жарым-эки миллирад доллар доого жыгылып калышы мүмкүн, аны Кыргызстан качан төлөп кутулат, ал өзү абдан татаал маселе.

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек
XS
SM
MD
LG