Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:45

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Түштүктө талааларды --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/A65901AA-DA76-446E-911C-9EC49EEF4368.asp чегиртке каптап кеткени тууралуу маалымат тарады. Бирок муну Айыл жана суу чарба министрлиги четке кагууда. “Азаттык” үналгысына бул маселе менен жеринен таанышып келген Жогорку Кеңештин депутаты Жусупжан Жээнбеков маек куруп берди.

-Жусупжан мырза, талааларда чегирткени жок кылуу аракеттери кандай жүрүп жатканы жөнүндө сиз өзүңүз жеринде таанышып келген экенсиз. Жалпы абалга токтоло кетсеңиз.

-Айыл чарбасында атайын Өсүмдүктөрдү коргоо деген департамент бар эмеспи. Алар 50 миң гектар жерди обработка кылышты. Көбү түшүнөт катарынан эле 50 миң гектар жерди тазалап чыкты деп. Жок. Дал ошол чегиртке жаткан уюктарды жок кылуу маселеси болду. Баягы күнү Ноокенде бир учак авария болуп, кийинкисине тендер болуп, Госзакупка деген бизде уюм бар. Ошол убакытты бир аз созуп койду. Тендерди мындай, тендерди тигиндей өткөрөсүңөр деп созуп койду. Бул болсо 5-10 күндүк нерсе. Ошондо уюгунда кармап туруп, канат байлаганча өлтүрүп калыш керек эле.

Бул Баткенде, Аксыда тазалап чыгышты. Бирок тилекке каршы жетишерлик эмес. Мен көрдүм. Анын үстүнө коңшу мамлекеттерде дагы бар. Булар менен келишим түзүп, чегаранын жака белиндеги Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан менен иштебесе, бул өтө коркунучтуу нерсе.

-Мына кечээ Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин жетекчиси Артпай Аргымбаев түштүктө чегирткелер каптап кетти деген маалыматтарды жалган экенин айтып чыкпадыбы.

-Жок толугу менен каптап кеткен жок, бирок кээ бир жерде уюгу бар экен. Мына азыр Алабукага өттү деп уктук. Себеби быйыл жайыттарда чөп аз. Бул чегиртке ушундай көчмөн болот экен. Тез аранын ичинде калыптанып, адаптация ала коет экен да. Кандай дары-дармек болсо, ошого жараша адаптация ала коет экен. Ошого азыр чоң учактар керек.

-Мына азыр өзүңүз жогоруда айтып кеттиңиз, жетишерлик деңгээлде аракетттер көрүлгөн эмес деп. Мына ушул чегирткелерге каршы иштин жакшы жүрбөй жатканына аткаминерлер күнөөлүү экенин “Агым” гезити жазып чыкты. Ал маалыматтын канчалык чындыгы бар?

-Жок, эми мындай да. Айыл чарбасы боюнча иштеген адисттер бар. Анан эми рейтинг көтөрөбүз деп эле, ар кайсы жакка жазып эле, ар нерсени сүйлөй берген болбойт. Бул Азиядагы эң коркунучтуу оору болуп жатпайбы. Ошол эле Тажикстан, ошол эле Өзбекстан, Казакстан жана бизде. Муну чегаралаш аймактарда комплекстүү карабаса болбойт. Мына ушул жагынан Айыл чарба министрлиги катуу иштесе жакшы болоор эле.

-Казакстанда дагы талааларда чегирткелередин көбөйүп баратышына тынчсыздануулар айтылып жатат. Ошол Казакстандан чегирткелер Чүй аймагына жайылуу коркунучу жокпу?

-Туура айтасыз, бар. Себеби кайсы жерде чөп аз болсо, бул ушундай тез арада жылат, күнүнө 12 километрге чейин учуп кетишет. Ошону чегаралаш аймактар менен келишимдерди түзүп, Казакстандын жетекчилери менен бирге чегирткенин уюгун жок кылыш керек. Ошол 50 миң гектар жерди сиз бөлүп көрүңүз, уюгуна. Булар бир гектар жерде уюгу толот. Ошолордун үстүнөн басып калыш керек.

-Быйыл чегирткелерден канча зыян тартышыбыз мүмкүн?

-Былтыр 7 миң гектардай зыян тартканбыз. Эгерде быйыл дагы ушундай шалаакылык иш менен алып бара турган болсок, өтө чоң зыян тартып калышыбыз мүмкүн.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG