Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

16:15 Кеминдеги токойдон чыккан өрт эки күндөн бери өчүрүлө элек


Бул туурасында бүгүн Чоң-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы Тынарбек Супатаев «Азаттыкка» билдирди. Анын билдиргенине караганда Кемин районундагы Көк- Ойрок айыл өкмөтүнө караштуу Бузулган-Сай жайлоосунда 11- май күнү кечки саат 19:00 чамасында өрт башталган. Өрт кечээ күнү кечке жуук өчүрүлгөн, бирок карагайлардын түбүндөгү чириндилерди көңдөйлөгөн өрт бүгүн кайрадан күч алып кеткен. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү өрттүн себебин тактап, өчүрүүгө аракет кылышууда. Бүгүн Кеминдеги ар бир айыл өкмөттөн ондон бала жардамдашууга кетти. Соңку маалыматка караганда өрт чалган жердин аянты 5 гектар деп болжолдонууда. (JJ)

XS
SM
MD
LG