Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:06

Мындан үч жыл илгери, 2005-жылы 13-майда Өзбекстандын Анжиян шаарында нааразылык акциясына чыккан адамдарды өкмөттүк күчтөр кыргынга алган. Бийликтин расмий маалыматы боюнча андан 187 адам каза таап, 150 кишинин үстүнөн сот иши жүрдү. Анжиян окуясында --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2006/05/8DC73B1F-3F2F-41BC-8BBC-7747C791A452.asp жүздөгөн качкындар Кыргызстан чек арасына агылып, жан сактоого аракеттенген. Азыркы кезде Кыргызстан аймагында өзбек качкындары барбы? Анжиян окуясы үч жылдан кийин кандай бааланууда?

Анжиянда нааразылык акциялары 12-майда башталып, 13-майда кызыл кыргын орун алган. Расмий Ташкен Анжиян окуясына баа бергенде, террорчулар абакка кол салууга аракеттенгенде аларга каршы аскерлер курал колдонулган деп билдирип келатат.

АКШ баш болгон батыш өлкөлөрү алгач Анжиян окуясын көз карандысыз иликтөөнү талап кылган. Алар өзбек бийлигин кескин айыптап, Батыш Европа айрым санкцияларды киргизүүгө барган. Бирок өзбек бийлигин Кытай, Россия колдоп чыккан.

Ислам Каримов Анжиян окуясынан он күн өтүп-өтпөй Пекинге расмий сапар менен барып, Кытайдын төрагасы Ху Цзинтаонун толук колдоосун алган. Батыш өлкөлөрү алгач санкцияларды киргизүүгө барган менен азыркы кезде Ташкен менен мамилесин калыбына келтирүүгө аракет жасоодо.

Кыргызстандын мурунку акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Анжиян окуясы боюнча Өзбекстандагы сотко мындай баасын берди:

-Мен ойлоймун бир тараптуу сот жүрдү. Ал объективдүү болду дегенден алысмын. Учуру келгенде ар тараптуу талдоо жүргүзүлүп, мамлекеттин колдонгон күчтөрүнө да баа берилиш керек. Элдин да көтөрүлүш себебине да баа бериш керек.

Турсунбай Бакир уулу кыргыз өкмөтү да качкындар боюнча милдеттенмесин аткарбагынын белгиледи:

Биз Бириккен Улуттар Уюмунун принциптерин колдонгондон кийин биз бардык качкындарды нейтралдуу үчүнчү тарапка беришибиз керек эле. Бирок өкүнүчкө, биздин бийлик эрежелерди бузуп,мыйзамдарды бузуп, эл аралык этиканы бузуп кээ бир өзбек качкындарын Өзбекстанга өткөрүп берди. Бул абдан туура эмес жана мыйзам бузуу болду.

Анжиян окуясынан кийин Кыргызстанга 560 качкын өтүп келген. Алардын көпчүлүгү Европа өлкөлөрүнө чыгарылып, бир нечеси өзбек бийлигине өткөрүлүп берилген. Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча башкармалыгынын Бишкектеги өкүлчүгүнүн кызматкери Виталий Масловский Өзбекстанга берилген качкындар тагдыры тууралуу буларды билдирди:

-Биздеги маалыматтар боюнча алар узак мөөнткө кесилген. Андан кийинки алардын тадыры бизге белгисиз. Азыркы учурда болсо 1-апрелге карай Өзбекстандан качып келген 182 качкын Кыргызстандын эмгек жана миграция комитетинде катталып турат. Алардын арасында Анжиян окуясына тиешеси барлар болушу да ыктымал. Бирок бизде так маалымат жок.

Кыргызстандагы өзбек диаспорасынын мурунку жетекчиси Махамаджан Мамасаидов Анжиян окуясына тарых өз баасын берет деген пикирде:

-Менин оюмча кандайдыр бир баа берилди. Бирок тарых дагы өзүнүн баасын берет деп ойлоймун.

Кыргызстандын мурунку акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, Анжиян окуясына адилет баа берилбегендей эле, Кыргызстандагы Аксы окуясы да өзүнүн адилет баасын алган жок. Мурунку акыйкатчы батыш өлкөлөрүнүн акыркы кезде Өзбекстанга мамилеси оңоло баштаганын терс баалады:

-Батыш өлкөлөр үчүн Орто Азиядагы элдин кызыкчылыгы эч качан биринчи орунда болгон эмес. Алар дайыма кош стандарттуулукту пайдаланып келет. Батыштын кызыкчылыктары өзгөчө мунай, газ чыккан Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстанга арбын. Негизи бул жерде алардын геосаясий кызыкчылыктары бар. Себеби Орто Азияда улуу мамлекеттердин, анын ичинде Кошмо Штаттардын, Россиянын, Кытайдын, Ирандын кызыкчылыктары бар. Ошондуктан батыш бул региондогу өлкөлөргө карата кош стандартты пайдаланып жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG