Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттиги билдиргендей, бир эле Сычуань провинциясындагы Мянжу шаарында кеминде 10 миң адам урандылардын астында калды. Мындан баштараак агенттик кубаты 7, 9 баллдын жер титирөөдөн 10 миңдей адамдын өлгөнүн кабарлаган болчу. Зилзаланын борбору Кытайдын түштүк-чыгышындагы Венчуан шаарына куткаруучулар бир күнү бою жете алышкан жок. АКШ, Евробримдик жана Орусия кырсыкка байланыштуу Кытай элине көңүл айтып, жардам сунуш кылды.