Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:26

Бүгүн Бишкекте Борбор Азиядагы чегаралардын коопсуздугуна арналган үч күндүк конференция ишин баштады. Коопсуздук боюнча Эл аралык Маршалл борборунун, АКШнын башкы командачылыгынын жана Кыргызстандын чегара кызматынын демилгеси менен өтүп жаткан бул конференция чегаралардагы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/C57613CB-2990-4538-BD8A-3536C8C0B0D4.asp учурдун талылуу маселелерин талкуулап жатат. Конференцияга Тажикстандын, Түркмөнстандын, Казакстандын, Кыргызстандын чегара адистери, эл аралык талдоочулар катышып жатышат.

Дүйнө мамлекеттери коопсуздукка шек келтирип жаткан башкы коркунучтар катары эл аралык терроризмди, баңги соодасын, адам сатууну, мыйзамсыз миграцияны атап жүрүшөт. Бул өңүттөн алганда Борбор Азия мамлекеттеринде чегара коопсуздугун камсыздоо жаатында чечиле элек көп маселелер бар. Кыргызстандын чегара кызматынын башчысы Замир Молдошев конференцияда Кыргызстан учурдун коркунучтарына каршы биргелешип күрөшүүнү, ачык-айкындыкты жактаарын билдирди.


АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Иованович конференциянын ачылышында Борбор Азия мамлекеттери ириде чегараларды бекемдөөгө жана коопсуздугун сактоого көңүл бурушу зарыл экендигин белгиледи. Элчинин билдиргенине караганда, маселелердин чечилишине тилектеш катары АКШ Кыргызстанга миллиондогон доллар колдоо көрсөтүп келди.

Талдоочулардын көпчүлүгү арсар чегаралар сөзсүз түрдө мамлекеттерди жана алардын атуулдарын коркунучтарга кирептер кылат деп жүрүшөт. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен айрыкча Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан ортосунда кыйла мезгилден бери чегаралардын аныкталбай турушу чөлкөмдүн талылуу маселеси деп билдирди “Азаттыкка” экс-депутат Адылбек Кадырбеков:

- Абдан оор маселелер көп. Көбүнчө Тажикстандын Баткен менен чектеш райондорунда. Кээ бир жерлер бири-бирине кирип кеткен. Бир көчө өтөтортодо, мисалы, ары жагы Тажикстан, бери жагы Кыргызстан. Ийри-буйру болуп кеткен көчөлөр бар. Анын үстүнө Тажикстан жакта жер жетишпей элдер акырын бош жаткан жерлерге келип атат.

Кадырбековдун көз карашында мындай жагдай ич ара чыр чатактарды ырбатышы мүмкүн. Мындай көрүнүштөргө жол бербөөнүн аргасын талдоочу эл аралык тажрыйбаларга көбүрөөк таянуудан, калыс тарапты тартуудан көрөт.

Ал эми конференциянын өзүндө Эстония, Польша, Герцоговина, Венгрия өңдүү мамлекеттердин чегараларын жөнгө салуу тажрыйбалары талкууга коюлду. Иш чарага катышып жаткан Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Эрик Асаналиевдин пикиринде жаңы коркунучтар жашап турган шартта мындай талкуулар чегараны башкарууну реформалоого жакшы көмөкчү болуп берет:

- Чегараны башкаруунун башкы милдети - адамдардын бири-бири менен чегара аркылуу катнашын бузбоо. Бирок ошол эле мезгилде бүгүнкү күндө чегарада болуп жаткан эң оор терроризм, сепаратизм, адамдарды сатуу өңдүү оор маселелерге стратегиялык негизде бир концепциянын негизинде карап көрүп, адамдардын өткөнүнө жардам беришибиз керек. Рыноктук жолдо бири-бирибизге байланышыбызды күчөтүшүбүз керек.

Чегараны башкарууну реформалоо максатында бул конференцияга Кыргызстандын чегара кызматы мамлекеттик чегараны комплекстүү башкаруу долбоорун сунуштаганы жатат. Чегара кызматынын эл аралык кызматташтык башкармалыгынын бөлүм башчысы Гүлмира Бөрүбаеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда:

- Биз ишке ашыралы деп аткан чегараларды комплекстүү башкаруу системасы биринчи кезекте тармактар аралык, мамлекеттер аралык кызматташтыкты шарттайт.

Борбор Азия чегараларын башкаруу жаатындагы талылуу маселелерди козгоп жаткан Бишкек конференциясы тиешелүү өкмөттөргө жалпы сунуштар менен жыйынтыкталаары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG