Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:30

Бүгүн Бишкекте Адилет министрлигинин Жаза өтөө башкы башкармалыгынын жетекчилиги “тергөө абагында жаткан мурдагы архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчиси Ишенбай Кадырбеков сабалды” деп тарап кеткен маалыматка карата жооп кылып маалымат жыйын өткөрүштү. Анда алар Ишенбай Кадырбеков --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/6B6BDB80-B188-4205-80C2-BE2375DC219D.asp төргөө абагында сыркоолоп жатканы чын экендигин, аны маал-маалы менен медицина кызматкерлери карап жатышканын, бирок аны сабалды деген маалымат чындыкка жооп бербесин билдиришти. Ошентсе да анын саналаштары менен жакындары мындай жоопкотууга макул болбой турушат.

Жаза өтөө башкы башкармалыгынын жетекчилигинин айтымында, интернет баракчаларга тергөө абагында жаткан Ишенбай Кадырбеков сабалды деген маалымат тарап кеткендиктен, алар маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка эмне болгонун айтып коюну чечишкен.

Жаза өтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Эрнст Исаевдин айтымында, учурда Ишенбай Кадырбеков үч адам менен чогуу бир жайда кармалууда. Анткени, анын денсоолугу начар болгондуктан башкалар менен чогуу кармоону өзү суранган. Аны сабалды деген маалымат чындыкка жатпай турганын айткан Эрнст Исаев төмөнкүлөргө токтолду:

- Биринчиден, денесинде эч кандай тактар аныкталган жок. Өзү кагаз да жазып берди, эч ким сабаган жок деп. Анан Кадырбеков мырза биздин юрисдикцияда эмес, эч ким менен аны жолуктура албайбыз. Бул боюнча бардыгын Каржы полициясы чечет, биз жөн гана аны өз жайыбызда кармап атабыз.

Ал эми Жаза өтөө башкы башкармалыгынын алдындагы тергөө абагынын жетекчиси Меликозу Маматалиев, Ишенбай Кадырбековдун ал-абалын күн сайын өзү барып сурап атканын, бүгүн да жолугуп сураганын жана ал эч кандай сабоо болбогонун айтканын билдирди:

- Мен өзүм эки жолу сурадым, экөөндө тең өз оозу менен айтты. “Муну мен бул жакта отургандан пайдаланып, бийликте кеги барлар жасап атат. Ошондуктан жалган маалымат берип атышат”,- деп айтты. Ал эми аны менен чогуу жаткандар боюнча айтсам, алардын арасында “блатной” деген сыяктуу адамдар жок.

Ошентсе да Ишенбай Кадырбековдун жакындары мындай жоопкотууларга ишенбей турушат. Бүгүн анын жубайы Светлана Тыныбекова президентке ачык кат жолдоп, жолдошунун баш коргоо чарасын өзгөртүп, тергөө учурунда абактан бошотууга жардам берүүсүн суранды. Ошондой эле ал ачык катында жолдошуна ар кандай кысым көрсөтүлүп, кылмышты мойнуна албаса үйбүлө мүчөлөрүнүн башына мүшкүл иш түшөрү кыйытылып, коркутуулар жүрүп жатканын айтат. Ал эми И.Кадырбековдун адвокаты Вячеслав Лужанский болсо, коргоп жаткан адамы сабалганы тууралуу маалыматты төгүндөгөнүн, бирок денсоолугу начар болуп турганын айтты:

- Мен бүгүн аны көрүп келдим. Жанагы сабады деген кептерди жөн гана сөздөр деди. Сыртынан сабалганы деле билинбейт. Бирок эми анын абалы оор эле, анын оорулары бир топ экен. Жүрөгү, өпкө-боорлору, өтү баары бир ооруп атат. Тамагы, абактагы шарттары дагы ойдогудай эмес да. Кечке эле ушул ысыкта камалып жатышат да.
XS
SM
MD
LG