Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

ОРУСИЯ: БИЙЛИКТЕГИ ОРУН АЛМАШУУЛАР ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?


Муса Мураталиев, Москва Орусияда жаңы өкмөт мүчөлөрү дүйшөмү күнү, 12-майда такталды. Өкмөт башчы Владимир Путиндин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/FC7409E7-D23A-4CD3-A01C-EF87057605D0.asp жети орун басары бар, алардын ичинен экөө биринчи орун басарлар болуп эсептелишет. Алар: мурдагы өкүмөт башчы Виктор Зубков менен мурдагы президенттин жардамчысы Игорь Шувалов. Буга дейре олуттуу тармактарды тейлеп келе жатышкан министрлер орундарында калышкан.

Жаңы келген министрлер арасында маданиятты тейлеген Александр Авдеев жана спорт, туризм ошондой эле жаштар саясатын караган министр Виталий Мутко бар. Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын жетекчилигине Александр Бортников дайындалган. Ошол эле күнү Кремлде президенттик администрацияга да орун басарлар дайындалды. Алдыңкы күнү администрациялык жетекчиликке Сергей Нарышкин дайындалган эле.

Орусиянын жаңы өкмөт мүчөлөрү дайындалгандан кийин байкоочулар жааты Путиндин бийликти мурдагысындай эле деңгээлде сактап калды деп айтышууда. Ошондон улам «Путин өзү түзгөн кенсеси мурда, Кремлде өзү менен чогуу саясат жүргүзүп келе жаткан жакшы санаалаштарынын катарынан болду» - дешет.

Талдоочулардын божомолунда, орчундуу тармактар: тышкы саясат (С.Лавров), коргоо (А.Сердюков), каржы (А.Кудрин) министрлердин орундарында калышы өлкөнүн буга дейре ал тармактар боюнча жүргүзүп келе жаткан саясатын уланта турганынан кабар берет.

Орусиялык жогорку орундардагы кызмат алмашуулар туурасында америкалык саясатчы, Вашингтондогу “Жеймстаун” изилдөө институтунун кызматкери Жонс Бернстай мындай дейт:

-Менин байкашымча, азыркы тапта Путин өлкөнү башкарууну өз колуна алды. Мага ФСБнын жетекчиси Патрушевдин отставкага кетиши жана анын ордуна, менен байкашымча, Медведвеге чукул көрүнгөн, Бортниковдун дайындалышы дурус көрүнүш... Жыйынтыгында, мындай орун алмаштыруулар, дайындоолор Путиндин туруктуулукту, алдын ала айтып иш кылуучулукту, түшкөн жолунан тайбоочулукту жана тең салмактуулукту жактай тургандыгынан кабар берет.

Орусиялык саясатчылар оозундагы дагы бир кеп – мурдагы президенттин өз жердештерин дайыма жанынан орун берип, кошо ала жүрүшү болууда.

Бул жолку жогорку кызматтарга кишилерди көтөрүүдө да Путиндин ошол жоругунан улам, адилет министри болуп (Санкт-Петербургдук) А. Коноваловду, ФСБ директорлугуна (Санкт-Петербургдук) А.Бортниковду дайындалышы сөз болууда.

Бийлик партиясы «Бирдиктүү Орусия» фракциясынан шайланган депутат Сергей Марковдун айтканына караганда Кремл менен Акүйдүн жакындоосу мындан да артууга тийиш:

-Бардык олуттуу чечимдерди Медведев менен Путин бирге кабыл алышчу болот. Андан ары бири-бирине чукулдашуу жүрүп-жүрүп олтуруп чогуу башкарууга өтөт.

XS
SM
MD
LG