Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Ч.АЙТМАТОВ, К.МОЛДОБАСАНОВ ЖАНА “САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ”


Кыргыздын залкар композиторлору Айтматовдун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/05/29B0F59C-0E67-48A7-A696-F26155B20AFC.asp чыгармаларынын негизинде балеттерди да жазышты. Айтылуу композитор, дирижер, Социалисттик эмгектин баатыры, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, эл артисти Калый Молдобасанов кыргыз композиторлорунун ичинен биринчилерден “Саманчынын жолу” аттуу повестинин өзөгүндө “Саманчынын жолу” аттуу балет-ораторияны жазат.

Бүткүл адамзаттын түбөлүктүү эң бир орчундуу маселелерине айланган жер, эмгек, махабат, эне, интеллект, гуманизм, адамкерчилик, кан жуткузган кайгылуу согуш жөнүндө жазылган Айтматовдун “Саманчынын жолу” аттуу повесттин негизинде залкар композитор Калый Молдобасанов жаңы жанрдагы “Саманчынын жолу” аттуу үч көрүнүштөгү балет-ораторияны жазат. Ал 1975-жылдын 15-мартында А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрына коюлат.

Ал эми 1976-жылы “Саманчынын жолу” балет-ораториясынын автору жана дирижеру Калый Молдобасанов, балетмейстери Уран Сарбагышев, башкы ролдорду аткарышкан республиканын эл артисттери Рейна Чокоева, Айсулуу Токомбаева СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттарынан болушат. Бул кыргыз музыкасынын тархында биринчи жолу жогорку сыйлыкка татыган балет-оратория кыргыз көрөрмандары менен угуучуларын зор кубанычтын кучагына бөлөйт.

1998-жыл. 19-январь. Молдобасановдун атынан үйүнө барып: - Калый аке, мына сиз кыргыз музыкасынын тарыхында алгачкы жолу өмүрүндө такыр жазылбаган, эч качан сахнага коюлбаган Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” аттуу повесттин негизинде атташ балет-ораторияны жаздыңыз. Эмне себептен сизди Айтматовдун чыгармасы кызыктырып, каармандарын балет аркылуу берүүгө аракеттендиңиз деген собол узатканда, Калый аке:

- Биринчиден, Чыңгыз чыгармасында терең философиялык ой жүгүрткөн. Мен бул чыгарманы окуп чыгып, кандай жанрда сахнага алып чыксам деп көпкө ойлондум, көпкө издендим. Чыңгыздын сахналаштырылган, экрандаштырылган чыгармаларынан өзгөчө бөтөнчөлөнгөн кыргыз музыкасында болбогон жанрдагы балет-ораторияны жазууну чечтим. Балетке сөз, хор, бийди коштум. Алар музыка менен коштолду. Себеби булар кошулбаса кургак, супсак, жөнөкөй эле симфониялык оюн болуп калмак. Чыңгыздын чыгармалары үчүн музыка жазыш да оңой эмес, жазуучунун каармандарынын образдарынын ажарларын музыканын тилинде сүйлөтүш жана ачып бериш үчүн каның да кайнатып, жүрөгүңө сиңириш керек. Маселен, Майсалбек кандай кейисе, мен да ошондой кейидим. Советтер Союзунун убагындагы кыргыз музыкасынын тарыхында биринчи жолу СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болду, - деген эле маркум Калый аке.
XS
SM
MD
LG