Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:15

Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард 300 миллион доллардын тегерегинде. Кыргызстан бюджетине оорчулугун салган тышкы карыздын азайчу түрү көрүнбөйт. 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин кыргыз өкмөтү өз кепилдиги менен кредит алууну токтоткон. Анткен менен Кыргызстан бюджет таңкыстыгынын кыйласын мына ошол сырттан келген карыз акчалар --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/B5C05032-8342-4BBC-A746-99CB77A48D87.asp жаап келатат.

Быйылкы жыл бюджетинен тышкы карыздар төлөмүнө 2 миллиард сом бөлүнмөкчү. Эмдиги жылдан тарта бул акча дагы көбөйөт. Кыргызстан кедей өлкөлөрдүн карызын кечип жиберчү “ХИПИК” программасына кошулар-кошулбасын чече албай арасат турган чакта тышкы карызды көптөп төлөп берүү демилгесин көтөрүп чыккандардын кошумчасы 200 миң сомдон ашкан жок. Мындан келди тышкы карыз жүгү дагы эле бюджетке түшкөнү турат.

Азия өнүгүү банкынын Испаниянын башкалаасында өткөн соңку жыйынында Кытай Кыргызстандын 7 миллион, Индия 1 миллион долларын кечип жибере тургандыгын эки өлкөнүн каржы министрлери ырасташты.

Быйыл жыл аягынан кечиктирбей 8 миллион доллар карызын төлөй турган болсо Өзбекстан үстөк пайызынан кечип сала тургандыгын билдирүүдө.

Бирок да алдагыдай берешендикти бардык эле өлкөлөрдүн көрсөтүп ийген жери жок. 3 жылдан бери карыз маселесин козгобой келатканын шылтоо кылып Кувейт аласасын маалынан кечиктирбей төлөп беришин талап кылууда. 14,4 миллион доллар акчаны кайтаруу Кыргызстан экономикасы үчүн кыйла оорчулукка турчудай.

Орусия да Кыргызстандан карыз акчасын кечпей, кийинчерээк төлөп беришин туура көрүүдө. Кыргызстандын каржы министри Тажикан Калимбетованын маалымдашынча, ушу тапта карыздарды жоюунун болгон амал-аргасы жасалууда. Бирок да андан азырынча жакшы натыйжа чыга элек.

- Ал эми кээ бир мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдө карыздарды биротоло кечип жиберүүгө жетише алганыбыз жок. Ал жерде карыздарды кайра карап чыгып, үстөк пайызын кошуп карызды кайтарууну бир нече жылга артка жылдырып коюшту. Ошондой карыздарын жылдырып койгондордун арасында, тилекке каршы, Орусия да бар,- деп айтты Т.Калимбетова.

Тышкы карыз жүгүнөн кутулуштун бир аргасы катары ушу тапта өкмөт Улуттук банктын алдында Турукташтыруу фондун түзүп, керектүү каражаттарды бир жерде топтоону көздөөдө. Андан тышкары Азия өнүгүү банкы жана Дүйнөлүк банктан грант акча алуу жөнүндө ушу тапта сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Өкмөт “Кумтөр” алтын кенинен жаңы келишимдердин эсебинен түшчү ири кирешенин эсебинен быйыл төлөнчү тышкы карыздан кутулуунун аргасын издөөдө.

- Мына “Кумтөр” боюнча да маселе кайра каралганы жатат. Эгер “Кумтөр” маселеси боюнча парламент менен бир чечимге келе алсак, анда биздин пессимисттик божомолубуз балким жакшырып, “Кумтөрдүн” продукциясы көбүрөөк болсо мурунку негиздүү болжолго жетишибиз мүмкүн,- дейт Т.Калимбетова.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров өткөн жылкы келишим парламенттен жактырылып калса бюджетке жыл сайын 54 миллион доллар акча түшмөк, жалпысынан өлкөгө кыйла киреше түшмөк деген ойдо.

- Өкмөткө 1 миллиард 300 миллион доллар алып келе турган келишимдер талкууланып жатканда бир үч-төрт күн чыдап коюшса болмок экен, деген менин ой-пикирим бар.

Парламент депутаты, “Ак жол” фракциясынын өкүлү Эрик Арсалиевдин айтуусунда, канадалык ишкерлер менен кыргыз өкмөтү кол койгон келишимдердин мааниси абдан зор.

- Мамлекет үчүн бул абдан чоң келишим.

2006-жылы тышкы карыздарды кантип кайтаруу маселеси саясий өң-түс алып, бийлик менен оппозициянын ортосундагы чоң тирешке айланып, жыйынтыгы Кыргызстан “ХИПИК” программасына кирбей турганын ырастоо менен бүткөн. Ошондо эле эки жыл бою 80 миллион, андан соң 100 миллион доллар акча жыл сайын төлөнө тургандыгы айтылган. Бирок өкмөт аны дале болсо эларалык уюмдардан карыз-коолап алары ал кезде маалымдалган эмес.
XS
SM
MD
LG