Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

ЖАЛАЛАБАТ: АКСЫЛЫКТАР СОТТОН БАШ ТАРТТЫ


13-майда республикалык Аскер соту Жалалабатта Аксы окуясы боюнча ишти кароону улантты. Анда ички иштер министринин мурдагы 1-орунбасары Садырбек Дубанаев менен облустун экс-прокурору Зоотбек Кудайбергеновго --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/01/4DB9772A-2787-46B5-A184-EDF1BA7A716D.asp жана облмилициянын мурдагы башчысы Кубаныч Токобаевге байланыштуу кылмыш иштери каралууда. Соттун кечээки олтурумунда аталган жетекчилерге карата укук коргоо жана коомдук тартип кызматкерлеринин көрсөтмөлөрү окулду. Сотко Аксы окуясында жабырлангандар менен алардын адвокаттары катышкан жок. Анын себебин Бишкекте турган адвокат Сартпай Жайчыбеков элдик сот окуянын чыгышына күнөөлүү деген кызмат адамдарына өкүм чыгарып койгондугу менен түшүндүрдү.

Ишин Жалалабатта кечээ уланткан республикалык аскер сотунун талкуусуна Аксы окуясында жабырлангандар менен алардын адвокаттары катышкан жок. Анткени алты адамдын өмүрүн алган окуяга башкы күнөөкөрлөр катары 17-мартта өткөн элдик сотто президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин аттары аталып, өлкөнүн прокуратура тармагы, Ички иштер министрлиги айыптуу деп табылган.

”Азыркы бийлик Аксы окуясы боюнча адилеттүү өкүм чыгара албайт. Аскер соттору айыпталуучулардын пайдасына өкүм чыгаруусу ыктымал. Ошондуктан мен Аксы окуясы боюнча болчу бардык сотторго катышпайм”, - деп айтты телефон аркылуу Аксы окуясында жабыр тарткандардын Бишкекте жүргөн жактоочусу Сартпай Жайчыбеков.

Соттун жүрүшүндө алты жыл мурда Аксынын Боспиегинде элди тоскон милициянын өзгөчө отрядынын жоокерлеринин алган жарааттары, Заир Карабалаевдин бутуна тийген ок тууралуу алардын көрсөтмөлөрү окулду.

Айыпталуучу Зоотбек Кудайбергенов район борборуна бараткандарды тинтүүгө буйрук бербегенин ырастаган мурдагы райпрокурордун, облмилиция башчысы Кубаныч Токобаевдин орунбасары Калбаев менен раймилиция башчысы Кулуевге курал колдонууга көрсөтмө бербегенин тастыктаган көрсөтмөсү уктурулду. Кандуу калабада тартылган тасма көрсөтүлдү.

Айыпталуучулардын адвокаты Асек Кабаевдин сотто ырасташынча Бекназаровду бошотуу үчүн районго бараткан демонстранттарда күйүүчү май, жыгач шиш найза, курал-жарактар болгонун экспертизалык талдоолор аныктаган жана курал колдонгондордун иши кыскартылып, Аксыда болбогон Токобаев менен Кудайбергеновдун жоопко тартылышы туура эмес:

- Куралды алган кызматкер анын сакталышына, анын колдонулушуна, ички иштер министринин законуна көрсөтүлгөн жагдайда жеке өзү жооп берет дегенге көңүлүңүздөрдү буруп кетким келет.

Экс-облпрокурор Зоотбек Кудайбергеновдун белгилешинче ошо жылдын 12-сентябрында Аксы-Бишкек жөө жүрүшүнө чыккандар менен бийлик жетекчилеринин ортосунда жашыруун меморандум түзүлгөн. Меморандум мыйзамдык күчкө ээ болбосо да, Аксы окуясында депутат Азимбек Бекназаровдун тарапкерлери жасаган 22 кылмыш кыскартылып, облпрокурор жана башкаларга кылмыш ишин козгоо тууралуу сунуш берилген.

Экс бийликке жөнөткөн 58 маалыматтын арасында Бекназаровдун башкоргоо чарасын өзгөртүүнү эл талап кылып жатканы да бийликке маалымдалган:

- 41-томдо 5-январда Бекназаровду камагандан баштап 17-мартка чейинки окуяда Ички иштер министрлиги эч нерсе кылган эмес деп айыптап атат, анын ичинде мага дагы айып тагып атат. Андай эмес, 58 маалымат бергенбиз.

Окуя учурунда Бекназаровду коргоо комитетинин төрагасы болгон губернатордун азыркы 1-орунбасары Жаныш Курбановдун эскерүүсүндө районго жөө бараткандардын колунда курал-жарак, күйүүчү зат болбогонун коопсуздук кызматы тарткан тасма айкындап турат жана меморандум боюнча прокурорго кылмыш иш ачылды деген пикир туура эмес:

- Видео тасманы эл тарткан эмес, укук коргоочулар, СНБнын кишилери тарткан. Курал-жарак, күйүүчү зат болсо тартылмак. Тартып аткан мезгилде бир кемпир колундагы чыбыгын, “айланайын, мына, чыбыгымды дагы ыргытып жиберейин” деп, нан көтөрүп бараткан таягын да ыргытып жиберет. Эгерде шиш-курал, таяк, күйүүчү зат, мылтык болгондо бирөө жарымын тартмак, укук коргоочулар бир эле курал болгондо басып жатып калмак ошол жерден. Тынч, Конституциянын негизинде пикетке турабыз деп Кербендин борборуна келаткан элди жолдон тосуп алып атып жатат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG