Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

АРАЧЫЛАРДЫН АРАКЕТИНЕ КАРАБАЙ АБХАЗИЯ БОЮНЧА АБАЛ КУРЧ


Акыркы күндөрү Грузияга Еврошаркеттин эки делегациясы жана Кошмо Штаттардын Кавказ боюнча чабарманы келип кетти. Анткен менен Абхазия боюнча Орусия менен Грузия ортосунда тирешүү басаңдай элек. Расмий Тбилисиден жана Орусия колдогон Абхазиянын жикчил бийлигинен да мунасага баруунун белгиси азырынча байкалбайт.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Мэттью Брайза туңгуюк абалды жөнгө салуу аракетинде өткөн дем алыш күндөрү Абхазиянын борбору Сухумиге чейин барып кайтты. Ал абхаз өкмөтүндө тышкы иштер министри деп эсептелген Сергей Шамба менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сергей Шамбанын кечээ "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун грузин кызматына берген интерьвюсунда айтканына караганда, алардын расмий Тбилиси менен сүйлөшүүгө баруу шарты мурдагыдай эле, өзгөргөн жок:

-Америкалыктар да, биз да диалогду жандандырууга мүмкүнчүлүктөр бар деп эсептейбиз. Биздин турумубуз – бул үчүн Грузия кол коюлган макулдашууларды аткарышы керек. Эң биринчи кезекте Кодор капчыгайынан аскерлерин чыгарып кетүүсү жана провакациялык аракеттерин токтотушу зарыл. Бул жерде компромис болушу мүмкүн эмес. Кодор капчыгайын демилитаризациялоо боюнча эки ортодо бир эмес, бир нече документке кол коюлган.

Жогоруда айтылган Кодор капчыгайы иш жүзүндө Грузиянын калган бөлүгү менен Абхазия ортосундагы чек ара катары эсептелинет.

Абхаз маселеси ушул дүйшөмбү күнү АКШ жана Орусия президенттери Жорж Буш менен Дмитрий Медведевдин телефон сүйлөшүүсүндө да талкууланган эле. Ак үйдүн билдиргенине караганда, Жорж Буш кырдаалга тынчыздануусун айтып, тараптардын баары тирешүүнү басаңдатуу багытында иштээрине ишеним билдирген.

1990-жылдардын башындагы согуштан кийин Грузиядан ажырап кеткен Абхазия өз алдынча саясат жүргүзүп, Орусия менен алакасын өрчүтүп келүүдө. Орусия Абхазия менен катар Түштүк Осетияга саясий жана аскерий колдоо көргөзөт. Грузин президенти Михаил Саакашвили болсо бийликке келгенден бери бул жикчил аймактарды көзөмөлгө алуу зарылдыгын такай белгилеп жүрөт.

Айтор мунасага баруунун белгиси азырынча Грузия тараптан да байкалбагансыйт. Президент Михаил Саакашвилинин саясий өнөктөшү, грузин парламентинин коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча комитетинин төрага орун басары Николоз Руруа кечээ "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун грузин кызматына буларды айтты:

-Биз алардын көз карашын, ой жүгүртүү критерийлерин кармана албайбыз. Себеби алар мыйзамсыз жак.. Андыктан алардын талаптарынын көбү, тилекке каршы, акылга сыярлык эмес. Демек биз алардын логикасы боюнча кете албайбыз. Бул жүйөөсүз талаптар жалгыз гана максатты көздөйт. Ушуга окшогон талаптар жикчил топтор тарабынан тарабынан коюлуп тура берсе, эки тараптуу мунасанын потенциалы бар, реалдуу, рационалдуу диалог эч качан болбойт.

Ал эми грузин президенти Михаил Саакашвили ушул дүйшөмбү күнү Тбилисиде Еврошаркеттин төрт өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугуу учурунда тээ 1921-жылы ал кездеги СССР Грузияны сиңирип алганына Европа өлкөлөрү каршылык көргөзө албаганын айыптап, мындай катачылыкты кайрадан кайталабоого чакырды. Абхаз жикчилерине колдоо көргөзүү менен Грузиянын аймактык бүтүндүгүнө коркунуч туудуруп жатканы үчүн Орусияны күнөөлөдү.

Өз кезегинде Грузияны Абхазияга каршы аскерий чабуул даярдап жатканы үчүн айыптаган Орусия өткөн айда бул аймактагы бейпилдик күчтөрүнүн санын көбөйткөн эле. Анын алдында Москва Абхазия жана Түштүк Оссетия менен алакасын чыңдарын жарыялаган. Тирешүү өткөн айдын ортосунда мына ушундан кийин курчуду.

Абхазия акыркы айларда өз аймагынан Грузиянын учкучсуз башкарылган жети тыңчы учагын атып түшүргөнүн ырастоодо. Ушундай эки окуя ушул дүйшөмбү күнү болгон. Ал эми Грузия андай учактан бирөөнү, 20-апрелде гана жоготконун моюнга алды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG