Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

14:09 Тажикстан менен Кыргызстан президенттери Согди облусунда жолукканы жатышат


Президенттин маалымат кызматынын кабарына караганда, жолугушуу 16-майда Хожент шаарында өтүп, анда Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун былтыр сентябрда Бишкекке расмий сапары учурундагы макулдашуулардын аткарылышын талкуулашат. Алардын катарында тактала элек чегара аймактарын пайдаланууну убактылуу токтото туруу жөнүндө макулдашуу бар болчу.
Кыргыз-казак чегара аймагында кошуна президент менен жолугушууга чейин Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Ош, Баткен облустарын кыдырат. 15-майда баштала турган иш сапардын учурунда президент Кызыл Кыядагы цемент заводунун иши менен таанышып, айыл чарба азыктарын иштетүүчү жана көмүр казуучу заводдун ачылышына, ошондой эле Ноокатта белгилүү коомдук ишмер Төрөбай Кулатовдун 100 жылдыгына арналган салтанатка катышмакчы. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG