Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

“АКЫЙКАТ ҮЧҮН” КЫЙМЫЛЫ ТҮПТӨГҮ ОКУЯ БОЮНЧА РЕЗОЛЮЦИЯ КАБЫЛ АЛАТ


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Бүгүн “Акыйкат үчүн” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/9D861B26-82FC-449B-A1FB-5B9D89DC6C47.asp кыймылынынын координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны болот. Анда карала турган маселелер тууралуу “Азаттык” үналгысына Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев маек куруп берди.

-Абдыганы мырза, кыймылдын бүгүн өтө турган отурумунда эмне маселелер каралат?

-Бүгүнкү отурумда бир катар маселелер каралат. Албетте биринчи кезекте Түптө өткөн жүрүшкө байланыштуу маселелердин жыйынтыгын, сабактарын карап, пикир алмашабыз. Андан кийин жакын арада Коомдук парламенттин кезектеги жыйынын өткөрүү пландарыбыз бар. Ошонун күн тартибин карамакчыбыз. Биздин оюбуз боюнча анда Түптөгү окуялар боюнча дагы бир резолюция кабыл алабыз.

Андан кийин азыр эң татаал маселе – Кыргыз-Кытай, кыргыз-казак чегаралары такталгандан кийин түштүктөгү оор маселе Өзбекстан менен Тажикстан менен болгон чегаралар аныктала элек, анын үстүнө ал жактагы абал курчуп, миграция күчөп, жашырганда эмне бош калган үйлөрдү тажик, өзбек туугандар ээлеп алган учурлар жок эмес. Демографиялык абал, дегеле жалпы социалдык-экономикалык абалдын оорлошконун эске алып, ушул багытта атайын талкуу жасасак деген ой бар.

-Мына ушул чегара маселеси учурда Бишкекте дагы талкууланып жатат. Дегеле сиздер дагы ушул маселени бүгүнкү отурумда талкуулоонун жыйынтыгы боюнча кандайдыр бир чечим, сунуш-пикирлериңерди билдиресиңерби?

-Ооба, сөзсүз, пикирлерибизди тактап, сунуштарыбызды айтабыз го. Ошону менен бирге, рахмат силерге, бирок бүгүнкү массалык маалымат каражаттарынын абалы тууралуу пикирибиз бар. Канча дагы мамлекеттик маалымат каражаттары бир тараптуулуктан арылбай жатат да, туурабы?

Мейли электрондук, мейли радио же басма сөз болсун, мамлекеттик бюджеттен алынган каржаттарды, салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыгын эске алсак, мамлекеттик мүлк каражаттары бардыгына бирдей, калыс так маалымат бериш керек эле. Тилекке каршы алар бир беткей, негизинен расмий бийликтин кызыкчылыгын көздөп, башка пикирлерге каршы болуп жатпайбы. Бул дагы туура эмес. Ушул маселени дагы талкууласакбы деген оюбуз бар. Анан акырында дагы бир өтө чоң, социалдык маселе – окуу жайлардын акционелештирүү жөнүндө маселе келе жатпайбы. Бул дагы биздин элибиз үчүн өтө маанилүү. Ушул жөнүндө дагы сүйлөшөбүз деген оюбуз бар.

-Мына сиз жогоруда белгилеп өттүңүз, жыйында Түптөгү окуя боюнча резолюция кабыл алынышы күтүлүүдө деп. Дүйшөмбү күнү “Кылым шамы” бейөкмөт уюму тегерек үстөл өткөрүп, анда оппозиция алсыз болуп калды деген пикирлер айтылган экен. Сиздин ушуга көз карашыңызды билсек.

-Эми ар кандай пикирлер бар, оппозиция күчтөнүп жатат, же алсыз болду, атүгүл таптакыр эле тукум курут болуп кетти деген пикирлер болуп жатпайбы. Мен аны Кытайдан жакында эле келип, бардыгын талдап, окуп чыктым.

Менимче, турмушта, табиятта, атүгүл мына согушта деле бирде күчөп, бирде стабилдешип, бирде алсырап калган мезгил болот да. Табийгатка байланыштуу, же болбосо мүмкүнчүлүккө жараша. Ошол сыңары, мен айткым келет, бүгүн таптакыр алсырап калган жери жок. Бирок мурдагыдай буркан-шаркан түшүп, көчөгө чыгып кыйкырган бизде андай аракет деле жок. Бирок Кудай буюрса, оппозициялык маанайдагы күчтөр бар.

Эгерде оппозиция болбосо, элибиз дудук болуп калбайбы. Андай болбош керек. Кыргызстандын келечегин, бүгүнкү абалын ойлосок, оппозициялык маанайдагы пикирлер сөзсүз болуш керек. Ушул багытта биз эч кимибиз андан кайткан жокпуз. Кайра мына буюрса бүгүн мындан аркы кадамдарыбызды дагы бир ирээт тактап, андан ары улантабыз. Эч кандай чөккөн маанайга жол берилбеш керек.

-Түп окуясы боюнча сиздер кыймылдын өкүлдөрү президентке, Башкы прокуратурага кайрылуу жолдодуңуздар эле. Расмий тараптан жооп болдубу?

-Мен мурдагы күнү өзүмдүн коллегаларым менен пикир алыштым. Алардын айтымында, эч кандай жооп боло элек. Менимче, азыркы бийликтен андай жооп күтүүнүн зарылдыгы жок, андан майнап чыкпайт го.

-Оппозициянын пландарына дагы токтоло кетсеңиз, жакынкы арада кайсы бир иш-чара өткөрүү пландаштырылып жаткан жокпу?

-Буюрса, кийинки жумада Коомдук парламенттин кезектеги отурумун өткөрөбүз дагы, мен айтып кеткен маселелерди талкуулап, ошонун негизинде чечимдерди кабыл алабыз. Андан кийин жай айларында эмне кылабыз, мына ошол жөнүндө сүйлөшөбүз.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG