Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

ТЕРРОРЧУ ДЕП АЙЫПТАЛГАН АБДУЛХАЙ ЮЛДАШЕВ АКТАЛДЫ


Үстүбүздөгү жылдын январь айында Өзгөн шаарында ички иштер кызматкерлери тарабынан кармалып, КРсынын Кылмыш, жаза кодексинин он эки беренеси боюнча “терроризм, улуттук араздашууну козгогон, тартип коргоо органынын кызматкерин өлтүргөн” жана башка бир топ айыптар тагылган Абдулхай Юлдашев өзүнө тагылган кинелерден акталып чыкты. Учурда үч ай Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармалуучу жайында жаткан Абдулхай Юлдашевдин денсоолугу начар абалда.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Баткен милиция кызматкерлери тарабынан кармалган Абдулхай Юлдашевге Кылмыш кодексинин он эки беренеси боюнча айып тагылып, аны ИИМ өтө коркунучтуу террорчулардын катарына кошкон болчу. Үч ай дегенде тергөө амалдары аяктап, сот жараянын Кадамжай райондук соту караган. Жыйынтыгында Абдулхай Юлдашевден дээрлик бардык коюлган кинелер алынып, бирок Кылмыш жаза кодексинин 339-беренеси боюнча «кылмышты жаап жашыруу» деген айып калтырылып, шарттуу эркинен эки жылга ажыратылды.

Кармалгандан акталып чыккан кунгө чейин бир туугандары менен жүз көрүштүрүүгө чек коюлуп келген Абдулхай Юлдашевдин азыркы абалы оор бойдон калууда. Жакынкы күндөрү толук медициналык станционардык кароодон өткөрөбүз дейт өз сөзүндө бир тууган агасы Абдраим Юлдашев:

- Тергөө иштеринин азабы денсоолугуна кыйла зыян тийгизген экен, ошон үчүн азыр Абдулхайды ооруканага жаткырганы турабыз. Тууган-туушкандардын келди-кеттилери бүткөндөн кийин, инибизди толук текшерүүдөн өткөрөбүз.

“Өтө коркунучтуу террорчу, жикчил, эсктремист” деген айыптардын күн эртелеп тагылганы үйбүлөгө терең эле материалдык жана моралдык залалдыгын тийгизди. Бирок биз айыптоочуларга каршы арыз таштабайлы деп чечтик. Ушул жагы да жетиштүү болду”, дейт Абдулхай Юлдашевдин агасы Абдраим Юлдашев:

- Эми бул иш боюнча кайра ишти козгоштун кереги жок. Ушул жагы да жетишет. Эми эки жылга эркинен ажыратышына өзүбүз да макулдугубузду бергенбиз.

Деген менен мамлекеттик айыптоочу катары чыккан Баткен облустук прокуратурасынын кызматкери Алмаз Малаев «Азаттыкка» жооп берип жатып, Абдулхай Юлдашевдин ишин дагы да дыккат текшерүү зарылдыгын айтып өттү. Болбосо эмне үчүн Юлдашевдин үйү тууралуу маалыматты диний багытты көздөгөн жикчил топтогулар билет деген суроосун кыйытты. Бирок прокуратурадан микрофонго сүйлөөдөн баш тартышты.

Ал эми бул тууралуу Юлдашевдерге кайрылганыбызда, Абдулхай Казакстанга эмгек мигранты болуп жөнөп жатканда, шашылыш түрдө кыргыз атуулдугу бар өзбек улутундагы кишилерге үйүн батирге берип кеткен:

- Абдулхай Казакстанга иштегени жөнөп жатканда, ага шашылыш акча керек болгон. Инибиз эч кимибиз менен кеңешпей туруп эле үйүнө кыргыз атуулдугундагы өзбектерди киргизе койгон. Ал адамдардын жикчил топтогу экендигин биз билген эмеспиз, - деди Абдулхай Юлдашевдин бир тууган агасы Абдраим Юлдашев.

XS
SM
MD
LG