Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

17:04 Эртең Токмокто «Президенттин кетишине жардамдашабыз» деген аталыштагы нааразылык иш чарасы өтөт


Бул туурасында бүгүн “Азаттыкка” укук коргоочу Максим Кулешов кабарлады. Нааразылык иш чарасы Токмок шаарынын борбордук аянтында, кечки саат 17:00 башталат. Акциянын негизги максаты өлкө башчысынын кызматтан кетүүсүнө байланышкан нааразылык каттарын шаар тургундарынан чогултуу жана ачык каттарды президенттик администрацияга жеткирүү. “Бүгүнкү өлкө саясатындагы мыйзамсыз кадамдарга, кымбатчылыкка, адам укуктарынын тебеленишине карапайым эл нааразылангандыктан президентке ачык кат жазууну көздөшөт. Ошол себептүү аталган нааразылык иш-чарасын уюштурууну колго алдым”,- деди Максим Кулешов. Ал эми Токмок мэриясынын аппарат жетекчиси Нурдин Сыдыгалиев, эгер башка иш-чаралар өтө турган болсо, борбордук аянт акция өткөрүүгө берилбейт деп билдирди. (JJ)

XS
SM
MD
LG