Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:33

17:41 Таласта Кароол чокуну казуу иши кайрадан талкууга алынды


“Манас ордо” улуттук комплексте бүгүн жаштар, орто жана аксакал курактагы үч муундун жолугушуусу болду. Аталган жыйында эң негизги маселе элдин ынтымагы, биримдиги тууралуу кайрылуу кабыл алуу болгону менен катышкандардын көбү ал жакта талкууга алынган Кароол чокуну кайра казуу тууралуу маселеге көбүрөөк көңүл бурушту. Кыргызстандын президентинин кеңешчиси Чолпон Абыкеев өзүн Кароол чокуну казуу ишине кызыкдар деп эсептебегени менен, бул ишти аягына чыгарсак Кыргызстандын экономикасына туризм аркылуу пайда болмок деген оюн жыйында билдирди. Ошондой эле оюн Бакайата районунун тургуну Абдыкадыр Кененсариев аксакал казууну улантыш керек дегени менен, облустун губернатору Бейшенбек Болотбеков бул иш убактылуу токтотулат, деп сөзүн аяктады. (UA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG