Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

18:15 Эркин Халиков Өзбекстандын карамагына өткөрүлдү


Чегараны мыйзамсыз кесип өттү деген негиз менен быйыл 6-мартта төрт жылга сот жообуна тартылган Өзбекстандын атуулу Эркин Халиков Ош шаарындагы №5 жаза өтөө мекемесинде жаза өтөп жаткан. Аталган мекеменин башчысы Галбай Трапов “Азаттыкка” билдиргенине караганда Халиковду 14-майда Каршы шаарынын ички иштер кызматкерлери алып кетишти. Буга эки мамлекеттин башкы прокуратураларынын макулдашуусу негиз берди. Эл аралык Хьюман Райтс вотч уюму Халиковду Өзбекстанга өткөрүп берүү кооптуу деп эсептеп, аны өткөрүп бербөөгө кыргыз бийлигин чакырган. Халиков сот жообуна тартылгандан кийин качкын макамын сурап Кыргызстандын миграция комитетине кайрылган.(BuS)

XS
SM
MD
LG