Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:10

14-майда Бишкектеги кыргыз-славян университетинде “Ислам: окутуу жана иликтөөнүн усулдары” деген конференция болду. Анда медреселерде, теологиялык окуу жайларда диний --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/religion/ky/2008/05/92689F55-341C-45C6-8FDC-FFE06619159C.asp адистерди даярдоо, окутуунун проблемалары талкууланды.

Конференция ЮНЕСКО жана АКШнын элчилигинин жардамы менен уюшулуп, ага жергиликтүү окмуштуулардан сырткары АКШнын Гарвард университетинин доктору да катышты. Кыргыз окмуштуулары исламдын ролу эгемендүүлүк доорунан бери өсүү жолунда экенин белгилешип, сандык жактан көбөйгөн диний окуу жайлардын сапаттык жагына көңүл бурууга мезгил келгенин айтышты.

Кыргызстандык жаш илимпоз, Мадрид университетинин саясат таануу жана ислам иликтөөсүнүн доктору Кадыр Маликов Кыргызстандагы исламга байланыштуу негизги проблема катары аны идеологиялаштырууну атады. Маселен, мамлекет жана айрым күчтөр исламды демократияга, мамлекеттүүлүккө каршы коркунуч катары карап турат. Дин тарап өз кезегинде мамлекетке кайсы бир деңгээлде шектүү карайт. Бардык маселелер ушул жерден башталууда, дейт Маликов. Мындай абалдан чыгуу үчүн реалдуу абалды аңдоо деген Маликов буларга токтолду:

-Улуттук баалуулуктарды издөө жана аларга кайтуунун шартында исламдашуу жүрүп жатат. Бул табигий нерсе. Бул жаштардын исламга кайрылуусунан көрүнүп турат. Алар ислам аркылуу саясий, социалдык, коомдук жана руханий маселелерге жооп алууга аракеттенүүдө. Ошол эле учурда диний уюмдардын таасири күчөп барат.

Кадыр Маликовдун айтымында, мындай шартта диний билим берүүнүн концепциясын иштеп чыгуу, медреселердеги реалдуу абалды аныктоо, медереселерди каржылоонун, ал жерде окутуулардын стандарттарын иштеп чыгуу зарыл.

Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы Асылбек Алиев Кыргызстанда теологиялык билим берүүнүн тарыхына токтолуп, 11-12 кылымдарда Ошто, Өзгөндө медреселер болуп, ал кездеги аалымдардын китептери азыркы кезде да актуалдуулугун жоготпогонун белгиледи. 19 кылымда Ошто беш медересе болуп, анын акыркысы Алымбек датканын медресеси 1960-жылы бузулган. Оштогу теология факультети болсо 1993-жылы түзүлүп, андан бери 287 жогорку билимдүү теологдорду даярдап чыгарган. Асылбек Алиев азыркы медреселерде билим диний жактан гана берилип жактанын сынга алды:

-Биздин маалыматтар боюнча, азыркы кезде Кыргызстанда 40тан көп медресе бар. Анын алтоосу Ошто. Аларда кантип окутуп, кандай тарбия берип жатат, мен айта албаймын. Ага карабай биз алар менен байланышта болууга аракет кылып жатабыз. Илгери медреселерде диний, гуманитардык, табигий илимдер окутулган. Азыр эми диний гана багытта окутулуп жатат.

Теология факультетинин деканы Кыргызстандагы “Адеп сабагын” окутуу теология факультетин бүтүрүүчүлөргө тапшырууну жактап, мисал катары, Түркияда “Ислам маданияты”, Россияда “Православиянын негиздери” тийиштүү адистер тарабынан окутулуп жактанын белгиледи.

АШнын Гарвард университетинен келген доктор Ирен Мурат Тасар Советтик доордогу исламдын абалына байланыштуу сөз сүйлөдү.

Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку башчысы Жолборс Жоробеков диний билим берүүнүн маселесин чечүү боюнча өз пикирин билдирди:

-Биринчи кезекте, муфтият менен дин боюнча агенттик биригип, диний билим берүүнүн концепциясын иштеп чыгыш керек. Сөзсүз түрдө ошол концепцияда кызыл сызык менен көрсөтүлүш керек, алгачкы билимди мектептерден албаган, мектептерде окубаган балдар дин окуу жайларга алынбайт деген жобо. Себеби ошол эле химияны, тарыхты, биологияны, математиканы билбей туруп, жакшы дин адамы болуш кыйын. Онунчу классты бүтпөгөн балдарды, кыздарды медреселерге жана башка дин окуу жайларга албаш керек.

Ал эми медреселерди мамлекет каржылай албайт. Алар муфтиятка түшкөн, соопчулуктан келген каражат менен каржыланыш керек, деп кошумчалады Жоробеков.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG