Ноокат районунда наристелерге ВИЧ инфекциясын жуктурган деп айыпталып жаткан дарыгерлердин иши боюнча Ош шаардык сотунун 14-майга коюлган көчмө жыйыны болбой калды. Анын себеби катары башкы айыпкер Бишкектен Ошко алынып келине электиги айтылууда. Соттун кайсыл күнү башталаары белгисиз. Бул өз кезегинде балдарын оору чырмаган ата-энелердин нааразылыгын туудурууда. Ош облусунун ооруканасында айыкпас дарттын балдарга массалык түрдө жуккандыгы өткөн жылы жайында белгилүү болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө ВИЧ-инфекциясы дарыгерлердин шалаакылыгынан улам 41 балага жуккандыгы аныкталган. Бул кейиштүү иш боюнча 14 дарыгерге айып тагылган. (АТо)
19:03 Наристелерге ВИЧ инфекциясын жуктурган дарыгерлердин үстүнөн сот иши башталбай создугууда