Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:12

ВАШИНГТОН ОРУСИЯГА ЖАҢЫ ЭЛЧИ ДАЙЫНДАДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы АКШнын президенти Жорж Буш Американын Орусиядагы элчиси кылып дайындоо үчүн Жон Байерлинин талапкердигин сенатка сунуштады. Азыркы учурда Бэйрли (John Beyrly) АКШнын Болгариядагы дипломаттык миссиясын жетектейт, ага дейре – Москвадагы элчиликтин орун басары болуп иштеген. Эми анын талапкердигин Сенат бекитүүгө тийиш.

АКШнын президенти Жорж Буш бул күндөрү Кошмо Штаттардын Орусиядагы ыйгарым жана атайын элчилигине Жон Бэйрлини сунуштаган. Ал туурасында Ак үйдүн сайты ырасмий жарыя таркатты.

Агенттиктер жазганга караганда, ал Орусия жана Чыгыш Европаны жакшы билген дипломат. Анын Орусияга биринчи келиши 1983-жылы СССР менен кадимки куралдарды кыскартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү учурунда америкалык делегациянын мүчөсү болуп келген. Азыркы тушта болсо Болгарияда АКШнын элчиси кызматында экен. Ага дейре Прагада жана Маскөөдө элчиликтердин кеңешчилери болуп туруптур.

Бэйрлиге чейин АКШнын Орусиядага элчиси болуп иштеген Уильям Бернс жакында АКШ мамлекеттик катчысына саясий маселелер боюнча орун басар болуп дайындалганга байлыныштуу Маскөөдөн көчүп кеткен.

Жон Бэйрли беш тилди: орус, болгар, чех, француз жана немис тилдерин жакшы билет экен. Маселен, 19-мартта ал, Пловдив шаарында студенттер менен болгон жолугушуу маалында, болгар тилинде, Косово маселеси туурасында буларды айткан:

«Азыркы тушта Косовонун эркиндикке жетиши бул аймакта ырааттуулукту жаратууга салым кошконго окшоп көрүнөт, ошого карабай, тилекке каршы кайсы бир чуулгандуу окуяларга күбөдөр болуудабыз. Бирок Косовар менен Сербиянын экөөнө тең келечекте Европалык бир бүлөнүн мүчөсү болуп калууга жол ачылганын да көрөбүз», - деген Жон Бэйрли мырза.

Кызык жери, Экинчи дүйнөлүк согушта Жондун атасы Жозеф Бэйрли америкалык да, советтик да армиянын катарында кызмат өтөгөн экен. Ал Францияда урушка кирип немисттер колуна түшүп калат. 1945-жылы январ айында немистен качып чыгып советтик армиянын колуна түшөт. Аны советтик тарап танк батальонуна командир кылып кайра согушка киргизет. Бир айдан кийин жарадар болуп госпиталга түшөт. Госпиталды кыдырып жүрүп аны маршал Георгий Жуков көрүп калып, аны Маскөөдөгү АКШнын элчилигине өткөрүп берет.

1994-жылы Норманди жээгине асмандан түшүүгө 50 жыл толгонго байланыштуу салтанат үстүндө президенттер Ельцин менен Клинтондун көзүнчө Ак үйдө Жозеф Бэйрлиге эстелик медалдарын тапшыруу болгон экен.

XS
SM
MD
LG