Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:01

Алдыдагы апталарда Брюссел Болгарияга жана Румынияга Евросоюздун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/B4CDF280-7892-430B-BD28-A7EA74FDFA67.asp чиновниктери менен эксперттеринен турган “ревизорлор” командасын жөнөткөнү жатат. Атайын комиссияга киргендер аталган эки өлкө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өз милдеттенмелерин кандайча аткарып жатканын текшеришет, бул багыттагы иштерди кантип илгерилетүү керектигин үйрөтүшөт. Болгария менен Румыния коррупция, атүгүл кылмыштуулук жагынан Евросоюздун проблемасына айланды.

2007-жылы шаркетке мүчөлүккө алынып жатканда Бухарест менен София коррупциянын кылтасын кыркканга, башка да чөйрөлөрдө кеңири реформаларды өткөргөнгө убада беришкен. Бирок соңку эки жылдан бери алар коррупция боюнча эл аралык көрсөткүчтөрдө такай Евросоюздун кадырына так түшүрө башташты.

Буга кошумча румын иммигранттары Италияда кылмыштуулуктун күч алышына да үлүш кошконго үлгүрүштү. Мунун айынан Бухарест менен Римдин акыйнеги арбып, Италия румын келгиндерине каршы бир катар чектөөлөрдү киргизгенге аргасыз болду. Румыния менен Болгарияда мындан тышкары мыйзам принциптери еврошаркеттин талаптарына жараша иштебей, алардын сот системасына да Брюсселдин доомат-догу көбөйдү.

Ушул өңдүү себептерден улам Евросоюз айыл чарбасын жана инфраструктураны каржылоого арналган миллиондогон доллар каражатты алиге чейин Болгарияга бөлүп бере элек. Апрелде жарыяланган докладда Румыниянын агрардык тармагы жана сот системасы да быйыл субсидиясыз калышы ыктымал экени эскертилди.

Европалык саясий иликтөөлөр борборунун аналитиги Майк Эмерсондун айтымында, Брюсселде Болгария менен Румынияны шаркетке мүчө кылып алууну чечип, еврокеңеш чекилик кылган деп эсептеген көз караш кеңири жайылган. Жакшысы – бу эки өлкөнү дагы бир же эки жыл койо туруп, алар бардык жагынан шайма-шай болгондо гана союзга чакырышса болмок.

Көз карандысыз аналитик Адриан Оттнад бул ойдун оролун улантып, дал ушул эки өлкөнүн, дегеле шаркеттин чыгыштагы башка да бир катар жаңы мүчөлөрүнүн айынан союзду кеңейтүүнүн келечеги бүдөмүктөнүп калганын белгиледи. “Көп өлкөлөр азыр өз арбайын согуп, ички проблемалары менен алышып калышты, андыктан союзга жакынкы аралыкта жаңы мүчөлөр кошулары ушу тапта абдан эле арсар”, - дейт ал.

Еврокомиссиядагылар болсо мындай пикирлердин көбүнө кошулушпайт. Алар Болгария менен Румыниянын союзга кабыл алынышы туура жана өз маалында жасалган иш болду деп эсептешет. Комиссиянын өкүлү Марк Грей бул эки өлкө геосаясий жактан Евросоюз үчүн өтө маанилүү экенин, анын үстүнө мүчөлүккө аларда өкмөттөрдүн эмес, биринчи кезекте болгар жана румын калкынын абалын жакшыртуу жагы эске алынганын баса көрсөттү.

Грейдин айтымында, проблемалар, албетте, бар, алар башка өлкөлөрдө деле аз эмес. Евросоюз болгону өзүнүн бул эки мүчөсүнө реформаларды ыкчамдатуу жагынан жардамдашкысы, аларга колдоо көрсөткүсү келет.
XS
SM
MD
LG