Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:33

“Акыйкат үчүн” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/46C29171-1504-430D-8A1F-2B95A9406616.asp коомдук кыймылы 21-майда чоң жыйын чакырып, анда биртоп орчун маселелерди талкуулоону көздөөдө. Андай чечим кечээ кыймыл менен коомдук парламенттин Бишкектеги отурумунда кабыл алынды. Жыйында Түптөгү жөө жүрүштүн сабактары, азык-түлүк каатчылыгы, өлкөнүн түштүгүндөгү чегара, коопсуздук маселелери, ошондой эле Кыргызстандын мындан аркы өнүгүшү, телерадио берүүлөр боюнча жаңы мыйзам, жогорку окуу жайларынын менчиктештирилиши сындуу проблемалар талкууланмакчы.

“Акыйкат үчүн” кыймылы менен коомдук парламент мүчөлөрүнүн отурумунда оппозициянын мындан аркы жасай турган иш-аракеттери талкууланды. Белгилүү коомдук ишмер Мирослав Ниязов мындай жыйындарга Кыргызстандын өнүгүү жолун аныктай турган орчун маселелерди алып чыгуу сунушун айтып, ушу тапта өлкө башынан кечирип жаткан көйгөйлөрдүн бардыгы мамлекеттик башкаруу системасына барып такалып жатканын эскертти.

Анын айтуусунда, өлкө кыйынчылыкка капталып калтыс абалда турган чакта негизги маселени талкуулап алуунун кези келди. Мындай пикирди жаратпай, коомдук парламентте карапайым калктын күндөлүк турмуш көйгөйүнөн чыккан маселелер талкууланышы туура болорун айрым өкүлдөр белгилеп, соңунда 21-майда талкууланчу маселелердин саны жетиге жеткирилди.

Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев ар кандай жаңы иш кыйынчылыктар менен коштолорун белгилеп, алдыда биртоп милдеттер турганын маалымдады.

- Маселелер бар, кыйынчылыктар бар. Анткени бул ыктыярдуу коомдук уюм. Милдеттүүлүк жок. Тартип да жок, материалдык-каржылык негиз да жок. Ар ким колунан келишинче иш кылып жатат. Биртоп аракеттер болуп жатат. Мына ушул айда да кезектеги бир жыйын өткөрөлү деп жатабыз. Күн тартибин тактадык, күнүн тактадык.

“Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов талкууга коюлуп жаткан маселелердин тегерегинде коомдук пикирди жыйнап, проблеманы ара тараптан аңдоо аракети жасалганын билдирди.

- Биз бул маселелерди коомдук парламентке чыгарардын алдында иликтөө да жүргүзгөнбүз. Элдин пикирин, саясат таанучу, коомдук ишмерлердин көз карашын эсепке алдык. Эл бизге кандай маселе менен кайрылып жатат? Элдин көңүлүн өйүп жаткан маселелерге келип токтолдук.

Коомдук парламент талкуусу дайым эле пикирлердин ар түрдүүлүгүнө таянылбай, мурунку көнүмүштүн күүсүнөн чыкпай келатканын “Атамекен Америка менен бирге” коомдук бирикменин жетекчиси Мадалбек Көчөрбаев баса белгиледи.

- Биз булардан өзгөчө көз карашты айтып койсок эле чалкасынан түшүп жатат. Ошол эле негизги кабыл албаганы.

Аталган уюм коомдук парламентке мүчө болуп кирүүгө өтүнүч жолдогон. Бирок да коомдук парламенттин биртоп мүчөлөрү каршы чыгып “Атамекен Америка менен” коомдук бирикмеси мүчөлүккө кирбей калган. “Таза коом” партиясынын төрага орунбасары Табылды Акеров бирикме кийинчерээк кабыл алынышы ыктымал деген пикирде.

- Кийинчерээк алар кайра арыз менен кайрылабыз деп айтышты. Кийинки каралыштарда кайра чечилиши мүмкүн.

“Улуу биримдик” партиясынын жетекчиси Эмилбек Каптагаевдин пикиринде, Кыргызстан келечеги Америка менен бир болушун жактагандыгы үчүн эле жаңы коомдук бирикменин коомдук парламентке кирбей калышы туура эмес.

- Бул жерде менин оюмча, кызганыч, катуу мамиле болбош керек. Коомдук парламент болгондон кийин кыргыздын келечегине багытталган бардык пикирлер айтыла бергени эле оң.

Ушу тапта Кыргызстан келечегин кайсы бир өлкөнүн этегине эрмештирип элестеткендер, болбосо республиканы экиге ажыратып, кыргыздардын мамлекеттүүлүктөн ажырап калышы апарзан экенин болжолдоочулар арбып баратат. Антишке өлкөнүн экономикалык турмушундагы оор кыйынчылыктар, жаштардын жапырт дегидей чет өлкөлөргө кетип жатышы, андан да азыркы бийликтин саясий копол аракети жол берип жатканын айрым серепчилер кыйладан бери айтып келатышат. Андай сөздөр “Акыйкат үчүн” кыймылы, коомдук парламенттин отурумунда да айтылды.
XS
SM
MD
LG