Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Р. АКМАТБАЕВДИН ЖАРЫЯЛАНБАЙ КАЛГАН ИНТЕРВЬЮСУ


“Лица” гезити кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы, маркум Рысбек Акматбаевдан көзү тирүүсүндө жазып алган, бирок гезит жарыкка чыгып атканда “аны атып кетти” деген кабар келип, гезитке жарыяланбай калган интервьюсун басты. Гезит мындай бир кызыктай фактыны келтирет. Интервью даяр болгондо Рысбек аны окуп чыкканын, бир жеринде “Мен атайын кызматка (мурдагы КГБ) иштегемин “ деген сөзүн кайра чийип салганын белгилеп, балким Акматбаевди чын эле Таштемир Айтбаев атайын кызматтын айтылбаган, жазылбаган мыйзамдары боюнча калкаласа калкалап келген чыгар деп түкшүмөлдөйт.



Р. Акматбаев ошондой эле тандем дегенди түшүнбөстүгүн, түшүнгүсү да келбегенин, экөө “голубойлор” сыяктуу дос болгондон көрө элдин курсагын кантип тойгузуу жөнүндө ойлошу керектигин, булар эл көзүнө чогуу жүргөнсүгөнү менен бирин бири жеп койгонго даяр турганын, ал эми өзү Кыргызстандын 2 миллиард тышкы карызды жөн эле төлөп коймоктугун билдирген.

“Кулов жакында өлөт. Жүрөгү токтоп” деп айтып, андан ары ал Кулов учурунда эмнелерди сатканы, кайда сатканы, канчага сатканы тууралу анда документтер барын, алтургай Франциядагы анын кишилери “Химсинтез” боюнча бул жерге келип көрсөтмө берүүгө да даяр экендиктерин айтып берген. “Мени Кулов, Текебаев, Эшимканов, Байболов, Атамбаев, Шерниязов, Карабеков парламентке жолоткулары келбей жатат. Мени алар адам эмес, киши өлтүргүч катары санашат. Мен киши өлтүргүч болсом бул жетөөн небак эле өлтүрмөкмүн. Бирок баары бир аларды өлтүрөт, жетөөн тең. Ким өлтүрөрүн билбейм, бирок эстеп койгула, баары бир өлтүрөт. Мен 30 жылдан бери атайын кызматка иштеп келаткан адам катары мындайларды өз тажрыйбамдан жакшы билем. Бүгүн, бүгүн болбосо эртең, эртең болбосо бир жыл ичинде көздөрүн тазалайт,”-деп баса белгилеп кеткен.

х х х

“Жаңырык апта” гезити “Шайлоону бийлик кантип бурмалаган?” деген макала басып, анда “Ата Мекен” партиясынын Ош шаарындагы участкалык шайлоо комиссиясынын протоколдорунун көчүрмөсүн окурмандарга жарыя кылды.

Ушул эле гезит кыргыз бийлиги “сат” дегенден башка саясат жүргүзбөй калганына сарасеп салып, маселен быйыл Чүй боорунда эң кирешелүү болгон кант кызылчасы айдалбай калганын, анткени Кайыңды кант заводу сатылып, жеке менчикке өтүп кеткенин, менчик ээси болсо “кызылчаңды мен койгон гана баа менен бересиң, эгер буга көнбөсөң заводду иштетпейм” дегенин, Чүй губернатору К.Сыйданов болсо “анда кызылча экпейбиз” деп, сурагандарга “менчик ишканага тишибиз өтпөйт экен “деп койгонун баяндап келип, “ошентип Кыргызстандын өзү курган заводун чет элдик кожоюн менчиктеп алып иштетпей олтурат. Эми кызылча менен жан баккан элдин кардын ким тойгузат? Заводдун Орусияда жаткан ээсиби же губернатор Сыйдановбу? Ушуну көрүп туруп бийлик эми ири объектилерди менчикке бермей болуп, калкты андан аркы аңга түртүүдө. Эми энерготармак сатылса, кыргыздын шору ошондо шорподой кайнайт. Кайдыгер элди башка ойгото албаса караңгы гана ойготот, бирок баары кеч болуп калганда ойгонушу имүмкүн” деп жазды.

Гезит мындан тышкары Тажикстанда жашап жаткан кыргыздардын балдар-кыздары эне тилинде окуу китептеринин жоктугунан кыргыз тилин окубай жатышканын, эгер мындай абал улана берсе, алар тажик мектебине которулуп, тажикке сиңип, тажикке айланып кетерин, ошондой эле өткөндө кыш кыйынчылыгын тарткан эл ичинлде Кыргызстанга көчүү кыймылы башталганын, муну кыргыз бийлиги алдын албаса баш оорута турган маселелр пайда болорун эскерткен.

х х х

“Де-Факто” гезити өткөн сандарынын биринде Назира Бердиева деген аялдын мындан 7 жыл мурда жоголгон кызын издеген каты гезитке чыгары менен президенттик админстрация менен ИИМ дароо көңүл бурганын, маселен министр М.Коңгантиев арыз-муң менен жүргөн энени дароо кабыл алып, бул факт боюнча кылмыш ииши козголгонун, 1999-жылы бийликке каршы пикектке чыккан аялды Акүйгө күч менен алып барышып, милийсалар кызын колунан жулуп кетип, ошол бойдон жоготушканын, эми Акаев доорундагы Акүйдүн 5-6-7-кабаттарында олтурган чоң чиновниктер суракка алынганын жатканын, кыздын энесинин айтымында бул ишке Болот Жанузаковдун катышы бар экендигин маалымдады.

х х х

Гезит ошондой эле азыр Швецияда башпаанек кылып жүргөн Эдил Байсалов менен интервью жарыялап, алым-сабак айтышка чыккан депутат И. Масалиев, акыйкатчы Т. Акун жана “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалиция башчысы Д. Ошурахунова менен “Бетме-бетин” окурмандарга сунуш кылган.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG