Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:48

Коомдук парламенттин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/A4095230-75C1-4423-A744-C90C3E946F94.ASP кезектеги жыйыны 21-майда өтө турган болду. Андагы жыйындын күн тартибинде Түптөгү окуялар, азык-түлүк коопсуздугу, маалымат каражаттарынын эркиндиги жана башка орчундуу маселелер бар. «Азаттыкта» оппозициянын иш-аракеттеринин майнап-мааниси тууралуу саясат таануучу Орозбек Молдалиев ой-пикир бөлүштү.

- Коомдук парламент 21-майда Түптөгү окуялар, азык-түлүк коопсуздугу, маалымат каражаттарынын эркиндиги жана башка орчундуу маселелерди талкуулаган жатат. Оппозициянын ушундай талкуусунан кандай майнап чыгат деп ойлойсуз?

- Мындай бир майнап чыгат деп айтыш кыйын. Булардын талабына бийлик көңүл бурабы жана коомчулукка кандай таасири болот, ошону карап көрөлү. Бийлик көңүл буруш үчүн алардын сунуштары жакшы иштелип чыгыш керек. Ошондой сунуштарды иштеп бере турган адистер барбы оппозициянын ичинде деген суроого келебиз. Экинчиден, биздин менталитетибизде “койчу ошону” деген” жоруктар бар. Ошондуктан, булардын бийликке таасири болот деп айтыш кыйын, балким азыр эртерээк.

Экинчиден Коомдук парламенттин жүргүзүп жаткан иш-аракеттери элге жакшы жетпей жатат. Интернетте сайты жок, өзүнүн газетасы жок. Радио-телевидениеден берген интервьюларын уксаңыз, анча деле таасирдүү эмес. Айта берсе кемчиликтери көп, ток этер жерин айталы. Мисалы, кечээ талаш-тартышка кайсы маселелерди алып чыгалы деп акыры ушул маселелерге келишти. Бирок ошончолук орчундуу маселелерди Коомдук парламент чечип бере алабы? Бул мамлекеттин потенциалы менен араң чечиле турган маселелер. Жыйырма киши чогулуп алып чече турган маселелер эмес.

Кандай проблемалар бар экенин эл ансыз деле билет. Сиз экөөбүз терезелери ачылбаган автобуста тердеп тыгылышып кетип баратсак бизге сөз эркиндигинин мааниси болобу? Кеп ошондо болуп атпайбы. Элдин көйгөйү башкада, булардын ою башкада болуп жатат.

Кыргызстандын өнүгүү долбоорун жаза беришсин, ал келечектин жумушу. Бирок дароо эле айтып коюш керек, каржылык мүмкүнчүлүктөрдү билбей туруп долбоор түзгөн утопия болуп калат өзүнчө эле.

-Эл аралык тажрыйбадан карап көргөндө коомдук парламент кандай учурда таасирдүү болот?

- Коомдук парламент таасирдүү болуш үчүн бийлик менен бир консенсуска келиши керек. Парламент менен иштегендин жолун табыш керек. Конфронтация кылгандан пайда чыкпайт. Булар өз билгенин өзүнчө айтып жүрө беришет, эч ким көнүл бурбайт, таасирдүүлүк жок болуп калат. Таасирлүү бололу деген максат болсо, парламентарийлер менен иштеши керек, фракциялар аркылуу өздөрүнүн сунуштарын киргизип, аны элге жеткирип туруш керек. Коомдук парламент түзүлүп атканда концепциясы ушундай болчу, Аликбек Жекшенкулов ошентип айткан да бийлик менен биргелешип иштейбиз деп. Коомдук парламенттин концепциясы өзгөрдүбү же жокпу, белгисиз болуп атат. Элге алардын эмне иш жасай турганы түшүнүксүз болуп жатат. Өздөрү дагы муну айкын ачып бере албай жатышат. Мисалы, “Ата Мекен Америка менен бирге” деген коом келсе кошпой коюшту. Уюмдарды тандап кошуп жатышат. Анда бул эмне элитный клуб болуп калабы деген суроо чыгып жатат.

-Коомчулукта оппозициянын алсыз экени байма-бай айтылууда. Ушундай пикирдин жүйөөсү канчалык?

-Аянтка чыгып митинг акцияларды өткөргөн оппозицияга көнүп калгандарга, албетте, оппозиция алсыз көрүнүп жатат. Мунун чындыгы бар. Экинчиден, оппозиция ичинен бөлүнүп-жарылып, бир тобу тарап кетишти. Кээ бирөөлөрү жолун таба албай жүрөт, ошон үчүн алсыз көрүнүп жатат.

-Ырахмат маегиңизге


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек
XS
SM
MD
LG