Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

16:00 Бекташ Илиясов: Токтогул суу сактагычындагы суу уурдалган


Физика-математика илимдеринин кандидаты, окумуштуу Бекташ Илиясов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, өз иши боюнча 1961-жылдан тарта 1984-жылга чейин Токтогул ГЭСинин курулушунан тарта ага суунун толтурулушу, ишке киргизилишине чейинки көптөгөн илимий иликтөөлөргө катышып келгенин айтып, ГЭСтеги бүгүнкүдөй абал болушу мүмкүн эмес эле деген оюн билдирди. Анын пикиринде кандай кургакчылык болгондо да суу сактагычта мерчемдүү өлчөмдө суу болушу керек болчу. “Биз Колумбия университетинин окумуштуулары менен чогуу эбак эле бардыгын эсептеп чыкканбыз. Анда биз суунун 8 миллиард метр кубдан төмөн түшпөйт деген бүтүмгө келгенбиз. Андыктан муну кайсы бир чиновниктин гана кызыкчылыгы үчүн уурдалган деп айта алабыз”,- дейт Бекташ Илиясов. Ошондой эле ал мындай чоң суу сактагычта суунун азайып кетиши аймакта жер титирөөнү пайда кылышы мүмкүн экендигин, 8 миллиард метр кубдан суу түшүп кетсе ГЭСте орнотулган агрегаттар иштен чыгып калышы ыктымалдыгын, андыктан буга жол бергендерди таап жоопко тартуу керектигин айтат. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG