Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Кечээ кино ишмерлер Кыргыз кино улуттук концерн Маданият министрлигинин карамагына өткөрбөө өтүнүчү менен президентке кайрылды. Мына ушул маселенин тегерегинде Кыргыз фильм киностудиясынын директору Бакыт Карагулов “Азаттыкка” маек куруп берди.

-Кечээ кино ишмерлер Кыргыз кино улуттук концерн маданият министрлигинин карамагына өткөрүлүшүнө айрым кино ишмерлер каршы болушту. Анын себебин эмнеден көрсө болот?

-Бул бир мезгилде Союздун убагында абдан туура болчу. Анда Госкино СССРден каржыланчубуз, аны менен прокаттык тагдырларыбыз бир болчу. Эми ал мезгил өтүп кетти. Шанхай биримдигине кирген КМШ мамлекеттеринин барында тең Маданият министрлигинин карамагына өткөн. Аларда бир топ алгылыктуу иштер жасалып атат. Мисалы, быйылкы фестивалда биз көп нерсени көрдүк, маданият министрлери менен сүйлөшө албай койдук. Себеби алардын функциясы биздин функцияга туура келбейт. Ошол себептүү мен ойлоп атам, муну бир учурда өткөн учурду кайра кайталап айтуунун зарылдыгы жок болуш керек. Себеби көп нерсени азыр жоготуп атабыз.

Маданият министрлигине кирсек, жакында июнь айында маданият министрибиз Раев Чолпонатада Шанхай биримдигинин маданият министрлери менен жолугат, ошол жерде дагы ушул маселелерди көтөрүш керек. Ошол жерде да айта турган маселелерибизди, киного тиешелүү бири-бирибиз менен алакалаша турган маселелерибизди чечишибиз керек эле. Азыр баланын туулганына эмес, турарына сүйүнүшүбүз керек. Себеби кинону тарып алганыбыз бир, ал эми прокаттык тагдырын ойлобосок анда кыйыныраак болуп атат.

Биз биринчиден прокаттык тагдырын ойлошубуз керек. Себеби кыргыз маданиятын, улуттук кинону дүйнөгө таратабыз десек биз Шанхай, КМШ мамлекеттеринин биримдиги менен алакалашыбыз керек. Буга сөзсүз түрдө Маданият министрлигинин тарабына өткөнүбүз оңурак болуп турат.

-Буга чейин бюджеттен акча каражат каралып кыргыз кинолор тартылмак эле. Бул маселе кандай болуп жатат?

-Кыргыз киносуна бөлүнгөн акчалар жыл сайын көбөйүп атат, бул жагы жакшы.

-Ошол каражат жетиштүү болуп атабы?

-Жок, жетишсиздик болуп аткан үчүн ушул маселе көтөрүлүп атат. Эгер Маданият министрлигине кирсек ал министрлик аркылуу башка бир мамлекеттер менен биримдикте кино тартуу жөнүндө маселе койсок, копродукция деп коет бизде, көп сериалуу фильмдерди тартсак дегенбиз. Бир учурда “Манасты” мультипликациялык фильм кылабыз, же сериал кылабыз дегенбиз. Ал дагы айтылган жерде калып калды.

-Бакыт мырза, буга чейин спикер Адахан Мадумаров анда мамлекеттик катчы кезинде кыргыз фильмди Голливуддун деңгээлине жеткирүү керектигин айтып, жардам берерин билдирген эле. Ал канчалык деңгээлде көмөк көрсөттү?

-Биз мурда азыраак деңгээлде акча алчу элек. Азыр эми улам көбөйдү, 23, 32, 120 миллионго чейин, ушуларга биз материалдык-техникалык базабызды жакшыртып атабыз. Адахан Кимсанбаевич шарттарыбызды көрүп кеткен. Ошол себептин негизинде айтылган сөз болчу бул.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG