Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:50

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Бүгүн дүйнө өлкөлөрүндө Үйбүлө күнү белгиленүүдө. Кыргызстанда үйбүлө саясаты кандай жүрүп жатат? Мына ушул маселенин тегерегинде “Азаттыкка” президент администрациясынын экономика жана социалдык бөлүмүнүн адиси Токтокан Боромбаева маек куруп берди.

-Токтокан айым, Кыргызстанда үйбүлөнү бекемдөө боюнча кандай саясат жүргүзүлүп жатат? Ушуга токтоло кетсеңиз.

-Биринчиден, силердин эфирден пайдаланып, Кыргызстандын бардык жарандарын үйбүлө күнү менен куттуктайм. Республикада албетте бул маселе бир эле мамлекетке тиешелүү болбойт. Үйбүлөнү моралдык жана материалдык жактан жакшыртуу, коргоо жактары деген көп маселелер бар. Албетте мамлекетте буга байланыштуу мыйзамдык базаларды түзүү боюнча бизде жакшынакай үйбүлөлүк кодекс бар. Бул үйбүлөнү чыңдоодо кимдин кандай салымы болуш керек, кимден кандай жумуш талап кылынат, булардын бардыгы көрсөтүлгөн.

Экинчиден, бизде “Үйбүлөнү социалдык укуктук жактан коргоо” деген абдан жакшы мыйзам бар. Андан сырткары мамлекетте бир топ жакшы программалар бар. Эң негизги программа - ушул мамлекеттик өнүгүү стратегиясынын алкагында, ошондон келип чыгат. Ушул стратегияны иштеп чыкканда бул маселелер абдан жакшы каралган.

Андан сырткары 2006-жылдан 2015-жылга чейин Кыргыз Руспубликасынын калкынын репродуктивдүү денсоолугун коргоонун улуттук стратегиясы кабыл алынган. Бул стратегияны кабыл алганда дагы бир топ эксперттер иштеп, эл аралык уюмдардын жардамы менен башка мамлекеттердеги тажрыйбаларды карап, иштелип чыккан чоң стратегия. Бул дагы бүгүнкү күндө негизинен ушул маселелерди карай турган программалардын бири.

-Мына сиз өзүңүз белгилеп кеттиңиз. Мыйзамда бардыгы каралаган деп, бирок ошентсе дагы айрым маалыматтарга караганда акыркы жылдары ажырашкандардын саны көбөйүп жаткан экен. Анын себебин эмнеден көрсөк болот?

-Башында айттым, үйбүлөнү чыңдаш, дегеле үйбүлөнү өнүктүрүү маселеси бир эле мамлекетке тиешелүү эмес, бул коомчулукка дагы тиешелүү көп маселелер бар. Биздин коомчулук үйбүлөнү жакшы сактоо, дегеле үйбүлөнү түзүү үчүн жоопкерчиликтүү.

Туура айтасыз, ажырашуулар бар, жок деп айтууга болбойт. Башкача айтканда бизде үйбүлө куруп жаткандар болсо, ошол эле учурда ажырашып жаткандар бар. Мына ар бир алтынчы үйбүлө ажырашууга дуушар болот. Бул бекеринен эмес. Канадайдыр бир кайдыгерлик көбүрөөк күчөп кеткенден улам болуп жатат.

-Мына сиз буга чейин дагы айтып кеттиңиз эле, үйбүлө маселелери боюнча Кыргызстанда атайын окуу китептери, адистери жок экендигин. Бул багытта учурда кандай иш-чаралар жүрүп жатат?

-Бул багытта бизде атайын 2007-2010-жылдарга Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы кабыл алынган да. Ушул жерде дагы үйбүлө маселеси боюнча атайын бөлүктөр бар. Үйбүлөнү зордук-зомбулуктан сактоо, андан сырткары билим берүү жана маданиятта гендердик теңчиликке жетишүү боюнча атайын блок бар. Ошол жерде кенже жана мектепке чейинки балдарды үйбүлөлүк тарбиялоосуна жана өнүгүүсүнө гендердик мамилени жайылтуу деп өзүнчө бир блок турат.

Бул жерде атайын бир китептерди чыгарыш керек. Бул кыргыз өкмөтүнө тапшырылган. Азыр бул багытта министрлик дагы, өкмөт дагы иштеп жатат. Мына жакында эле президенттин жарлыгы менен бизде улуттук кеңеш бар, үйбүлө, аялдар жана гендердик өнүгүү боюнча. Ошол кеңештин жумушчу органдарынын милдеттерин бүт өкмөткө өткөрүп берди. Анткени биз өкмөттүн жоопкерчилигин күчөтүшүбүз керек. Мындайча айтканда системаны өзгөртүшүбүз керек.

-Кийинки учурларда жаш балдардын ата-энесинен тирүүлөй ажырап, кароосуз калышы, кары-картаңдарды карылар үйүнө өткөрүү фактыларынын көбөйүшү бул социалдык жактан жетишпегендикпи, же моралдык касиеттердин жоголуп баратышынанбы?

-Эми социалдык жактан, же болбосо экономикалык жактан анча-мынча жетишпегендиктер бар. Бул дагы кандайдыр бир себептердин бири. Бирок биз ушул балдарды тарбиялап, өстүрүп, аны өз деңгээлине жеткирүү маселесине кайдыгерлик мамиле жасагандын айынан болуп жатат. Мына бизде балдардын төрөлүшү көбөйүп жатат. Бирок ошол эле мезгилде никеде катталбаган аялдар төрөгөн балдар 2004-жылдан бери 37,4 же 38,6 пайызды түзүп келе жатат. 38 пайыз деген көп.

Чындыгында бул балдар ата-энеси бир үйдө жашаган үйбүлөдө төрөлгөн. Бирок никеде өтпөгөн үчүн ушундай фактылар чыгып жатат. Эми бул эмнени көрсөтүп жатат? Ошол баланын тагдыры, ал баланын келчеги жөнүндө ойлонуу азыраак. Анткени бул ата-энелер нике күбөлүгүн албагандын негизинде балдарына күбөлүк ала албайт. Эртең эле паспорт проблемасы чыгат. Анан ошолордон кароосуз балдар чыгып жатат. Менимче ойлоно турган мезгил келди.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG