Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

“ФЕНИКС” МАРСИАНДАРДЫ ИЗДӨӨДӨ


Аида Касымалиева, Прага 25-майда Американын “Феникс” космостук аппараты (the Phoenix Mars Lander) “кызыл планетага” – Марска конгону жатат. Америкалык окумуштуулар Марстын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/science/ky/2008/04/F0D825DC-61D6-4481-82A5-011F3846F6EE.asp түндүк уюлундагы муздарды изилдеп, “Марста жашоо барбы?” деген суроого жооп тапканы жатышат. Буга чейин ушул эле максатты көздөгөн НАСАнын эки долбоору ишке ашпай калган.

“Феникс” аппараты – татаал робот. Ал саатына 20 миң чакырым ылдамдыкта Марс планетасын көздөй учуп баратат. 25-май күнү робот өз ылдамдыгын кескин жайлатат да, анан саатына 10 миң километр ылдамдыкта уча баштайт.

Акырында “Феникс” космостук роботу парашютту ачып, ракеталарын от алдырып, Марстын түндүк уюлуна жумшак конгонго аракеттенет.

НАСАнын - Улуттук аэронавтика жана космостук агенттигинин окумуштуулары Марстагы музду изилдеп көрүшүп, ал сууда жашоо пайда болушу мүмкүн беле деген суроого жооп издешет.

НАСАнын өкүлү Эд Уейлер бул космостук сапардын негизги миссиясын мындайча мүнөздөдү:

- Сууну изилдейбиз. Марс долбоорунун негизги максаты “кызыл планетада” качандыр бир убакта жашоо болгонбу? Дегеле болушу мүмкүнбү? деген суроолорго жооп табуу. Баарыбыз билгендей, суусуз жашоо жок.

Эд Уйэлердин сөзү боюнча, НАСАнын Марска конуу долбоорунун бул жолку бейрасмий урааны – “Ылдамыраак, жакшыраак жана арзаныраак”.

НАСАнын аппараттары буга чейин да ушул эле максатта Марска конгон, бирок пландалган иштерди бүтүндөй аткара алган эмес.

Эд Уейлердин айтымында, НАСА эми буга чейинки каталарынан арылууга аракеттенет. Бирок азыр деле НАСАнын кызматкерлери бул операциянын ийгиликтүү аякташына толук ишенишпейт.

НАСАнын окумуштуулары Марстан алынып келген муз менен гана иштешмекчи. Себеби Марстын түндүк уюлунда өтө суук жана ал жактан муздан башка бирдеме табуу мүмкүн эмес. Бирок окумуштуулар билдиргендей, муздан деле Марстагы суу илгери кандай болгонун билсе болот. Палеонтологдор үчүн жер катмарлары кандай маанилүү болсо, Марстагы муз да космосту изилдөөчүлөр үчүн ошондой мааниге ээ.

НАСАнын бардык кызматкерлери “Феникстин” сапары кыска мөөнөткө созулат деп болжошууда . “Феникс” Марста бир нече ай болуп эле кайтат, себеби “кызыл планетанын” түндүк уюлунда тез эле караңгы кирип, сууктан роботтун батарейкалары отуруп калат.
XS
SM
MD
LG