Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

17:23 Бишкек гарнизондук аскер соту 15-майда Ички иштер министринин мурдагы орунбасары Калмурат Садиевди актап чыгарды


Жалалабатта Аксы окуясы боюнча бүгүн сот иши улантылып, анда жарыш сөз сүйлөндү. Аскер прокурору Акылбек Абдыраев күтүү позициясында болуп, конкреттүү иш чараларды көрбөгөн деп эсептеп, соттон Калмурат Садиевди үй-мүлкүн мамлекет эсебине албастан, үч жылга жатак абакка эркинен ажыратууну сурады. Садиев 6 жыл мурда 18-марттын кечинде курман болгон Элдиар Үмөталиевдин өлүмүнө тиешеси жок экендигин, Аксыга барганда кол алдындагы жоокерлерге курал колдонууга буйрук бербегендигин айтып, соттон акыйкат өкүм чыгарууну өтүндү. Ага коюлган айыптар далилденбегендигине жана анын иш аракетинде кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу Бишкек гарнизондук аскер соту аны күнөөлүү эмес деп таап, ага актоо өкүм угузду. Сотко жабырлануучулар менен алардын адвокаты да катышкан жок. Ал эми Республикалык аскер сотунун ишинде бүгүн мурдагы үч мамлекеттик кызматкердин иши боюнча жарыш сөз сүйлөнүп жатат. (YA)

XS
SM
MD
LG