Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

“УНУТУЛГАН АДАМ” СПЕКТАКЛИ


Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театры түрк элинин улуу акыны, драматург Назим Хикметтин “Унутулган адам” аттуу пьесасын саханалаштырууда.

“Унутта калган адам” пьесасында аты айтып тургандай эле бир учурда атагы таш жарган адамдардын унутта калганы, атак-даңктын арты эмнеге алып келээри чагылдырылат. Бул чыгарма Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында 1969-жылы Жалил Абдыкадыровдун режиссерлугу астында коюлуп, анда башкы ролдорду Советбек Жумадылов, Сайнаке Жунушалиевалар ойногон. Ал эми бул жолку оюнду кыргыз эл артисти Алмазбек Сарлыков сахналаштырууда.

-Атактуу актерубуз, кыргыз эл артисти Сатыбалды Далбаевдын сахнада иштегенине 50 жылдын жүзү болду. Мына ушул мааракеге карата ушул оюнду кайрадан жаңыртып коюп жатабыз.

Кыргыз улуттук драма театрынын артисти Бузурман Одуракаевдын пикиринде бул спектаклдин мазмуну учурдун ойлонто турган маселелери менен үндөшүп турат. Ошондой эле чыгарма кайсы учурда коюлбасын актуалдуулугун жоготпойт.

-Өлбөс-өчпөс чыгарма десек жаңылышпайбыз, советтик учурда жазылган. Горький, Чеховдун чыгармаларынын таасири менен пайда болгон пьеса десек болот.

Канча убакыт мурда жазылып, бир нече жыл мурда коюлган бул чыгармага кайрадан кайрылууну Сатыбалды Далбаев сунуштаган. Ал ошондой эле оюнда башкы ролду, дарыгердин образын өзү жарата турган болду.

-Бул драманы тандап алганым өзүмө жараша да. Мага жагат. Анын үстүнө мен психологиялык, драмалык ролдорду жакшы көрөм. Бул оюндун окуясы да абдан күчтүү.

Спектаклде ошондой эле Шайгүл Алсейитова,Сайра Мырзалиева, Жыпариза Көчөрбаева сыяктуу тажрыйбалуу артистери менен бирге актерлук кесипти аркалайм деген жаш артистер да образ жаратышат.

Бул спектаклди коюу үчүн Маданият жана маалымат министрлиги 120 миң сом бөлгөн. Режиссер билдиргендей оюндун бет ачаары июнь айына белгиленүүдө. Андан соң Кыргызстандын облустарында көрсөтүлөт.
XS
SM
MD
LG