Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

ИРАН ИЗРАИЛДИ КАЙРАДАН ЖЕМЕЛЕДИ


"Жаман туугандан жакшы коңшу" артык демекчи, ушул күндөрү мамлекет болуп түзүлүшүнүн 60 жылдыгын салтанатуу майрамдап жаткан Израилдин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/13AADD22-53E5-4944-A0DE-CC637FF702BA.asp коңшудан жолу катуу экени маалым. Бул өлкөнү айрыкча жектеген Иран "Израилди жер бетинен жок кылууга" чакырган. Эл аралык дипломатияда өтө осол кабылданган бул чакырыгы үчүн Ирандын президенти Махмуд Ахмединежадды Австралия сотко бере турган болууда. Анын аралыгында Ахмединежад "Израил жер менен жексен болуунун алдында турат, анын 60 жылдыгын майрамдоо болгону бул өлкөнү сактап калуунун амалы гана" деп чыкты.

Ошентип Израилдин 60 жылдык торколуу тоюна Жорж Буш баштаган мартабалуу коноктор төгөрөктүн төрт бурчунан убап-чубап келишти. Дал ушул тушта палестин жерлеринен Израилге ракеталык чабуулдар күч алды. Ошол эле мезгилде, Иран президенти Израилди кайрадан жектеп чыкты. Ахмединежаддын "Израилдин 60 жылдык мааракеси бул өлкөнүн жер үстүнөн жок болушунан сактап кала албайт" деп көз ачыктык кылганы дароо маалымат каражаттары аркылуу дүйнөгө жар салынды.

Ирандын түндүгүндө сүйлөгөн сөзүндө Ахмединежад "сионисттик режим өлүм алдында турат. Бул кылмышкерлер той өткөрүп, эки жүздүү сионисттик бийликти өлүмдөн сактап калабыз деп ойлоп жатышат" деп айтты.

Иран Израилди тааныган эмес жана Ахмединежад аны жок кылууга бир нече жолу чакырган. 2005-жылы анын Израилди "жер картасынан жок кылыш керек" дегени эл аралык чөйрөдө сынга кабылган. Ахмединежад ал тургай нацисттик Германияда миллиондогон жөөттөрдүн концлагерлерде жок кылынышын "ойдон чыгарылган уламыш" деп ырастаган:

- Эгер кимдир бирөө нацисттерге каршы кылмыш кылган болсо, анда ал өз аймагынан жер бөлүп берсин. Жөөттөр АКШда, Европада, Канадада же Аляскада мамлекет куруп алышсын.

Мындай заардуу сөздөрдү Батышта кыйла катуу айыпташкан. Мына эми ушул шаршембиде Австралиянын өкмөтү Ахмединежадды Эл аралык Акыйкаттык сотуна берүүнү ойлонуп жаткандыгын жарыялады. Австралиянын өкмөт башчысы Кевин Радд Иран жетекчисинин "экстремиссик билдирүүсү учурдагы эл аралык алакалардын каада-салттарына эч сыйбай" тургандыгын билдирди.

Гаагада жайгашкан Бириккен Улуттардын Акыйкаттык соту мамлекеттер ортосундагы чатактарды эл аралык мыйзамдын негизинде жөнгө салат. Кевин Радд учурда анын өкмөтү бул сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгү боюнча адвокаттар менен акылдашып жаткандыгын бышыктады.

Израил Ирандан "өзөктүк курал жасап жатат, бул куралды жөөт мамлекетине каршы колдонушу мүмкүн" деп коркот. Ирандын "Шахаб – 3" деп аталган ракетасы 2 миң чакырымга чейин уча алат. Ал эми Израил Ирандан болгону 1 миң чакырым аралыкта жайгашкан. Иран өзөктүк курал жасаган жокпуз деп айтып келет. Ал эми Израил өзөктүк куралы бар мамлекет деп саналат, бирок өлкө муну эч качан мойнуна алган эмес.

XS
SM
MD
LG