Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

Совет доорунда Кыргызстанды кырк жыл башкарган Төрөбай Кулатовдун 100 жылдыгы киндик каны тамган Ноокат районундагы Кызылбулак айылында белгиленди. Ага өлкө башчысы Курманбек Бакиев катышып, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/A5C0583D-A466-4BF0-AE06-520B345DF906.asp түптөлүп, өнүгүшүнө залкар инсандын кошкон салымы олуттуу болгонун белгиледи. Ал эми салтанатка катышкан маркумдун туугандары, замандаштары Кулатовдун үлгүлүү касиеттери азыркы чоңдордо жок экендигине ичи ачышкандыгын билдиришти.

Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Төрөбай Кулатовдун өмүр баянына кыскача токтолуп, ал өлкөнү калыптандырып, ар тараптуу өнүгүшүнө олуттуу салым кошкондугун баса белгиледи:

- Адамзаттын тарыхы нечендеген данышмандарды, падышаларды жана жетекчилерди билет. Бирок элдин, урпактардын эл тутумунда биринчи кезекте дал ушул бийик адамкерчиликти туу туткан адамдар аталат. Төрөбай Кулатов дал ошондой адамдардан болгон. 40 жыл бою эң жогорку кызматтарда, Кыргызстандын Эл комиссиялар советинин төрагасы, Жогорку Советтин президиумунун төрагасы болуп иштеген. Биздин өлкөдө мурдагы Советтер Союзунда гана эмес, дүйнө жүзүндө чанда боло турган уникалдуу окуя. Элибиздин тарыхында көрүнүктүү окуялардын дээрлик бардыгы Төрөбай Кулатовдун катышуусу менен болгон. Эң татаал мезгилде өлкөбүздүн экономикалык органдарын жетектеген.







Маараке ээсинин замандашы, көп жыл советтик жана партиялык кызматтарды аркалаган ардагер Абдиваит Тажибаев Кулатовдун азыркы чоңдорго жана болочок муундарга үлгү болоорлук сапаттары көп болгондугун мындайча билдирди:

- Жүз жылдык мааракесин өткөрүп жатып, ал киши жөнүндө канча айтсак да жараша берет. Ал кишинин өрнөктүү өмүрү, элибиз үчүн кылган кызматы бүгүнкү эл башкарган жетекчилерибизге да, келечек муундагы жаштарыбызга да өрнөк жана үлгү болот деп эсептейбиз.

Төрөбай Кулатовдун тун уулу Узакбай республиканы кырк жыл башкарган атасынын иш билгилик, жупунулук, патриоттуулук мүнөзү Кыргызстандын азыркы жетекчилеринде жоктугуна ичи ачышкандыгын айтты:

- Апам экөөбүз азыр Бишкекте жашап атабыз. Апам 83 жашта. Балдарым аз-маз бизнесте иштейт. Атам жөнөкөй киши эле. Насаатчылык айтпайт эле, өзүнүн мисалында көрсөтөт эле. Жөнөкөйлүгү, патриоттуулугу, чынчылдыгы азыркы биздин жаңы эрада, жаңы республиканын этабында абдан жетишпей атат .





Ноокат районунун Кызылбулак кыштагынын тургуну Бадалбай Аманбаев да Кулатовдун жөнөкөйлүгүнө басым жасап, мансапка чиренүү жана коррупция ага жат экендигин эскерди.

- Төрөбай аксакалдын тууган-уруктарынын жашоо шарты азырынча орточо. Көп алдыга өткөн эмес, бизди андай деп тарбиялаган эмес. Себеби ал киши өзү жөнөкөй болгон, өзүнүн жолуна салган. Бир нерсени ээлеп алыш, же мансапка чиренткен эмес.

XS
SM
MD
LG