Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:59

Кытайда зилзаладан курман болгон адамдардын саны 19 жарым миңден ашты


Кытайдын расмий маалымат каражаттары Сичуан чөлкөмүндөгү жер титирөөдөн курман болгондордун саны 19 жарым миң кишиден ашканын кабарлашууда. Бул сан кырсыкка кабылган райондордун жергиликтүү бийликтеринен алынган. Кечээ өкмөт дүйшөмбү күнкү зилзалдан 15 миңдей киши өлгөнүн билдирген. Мамлекеттик телевидение каза болгондордун саны 50 миңге жетиши ыктымал деп бир аз мурдараак кабарлады. Премьер-министр Вен Жибао жабыркаган аймакка кошумча 30 миң аскер жана тик учактарды жиберүүгө буйрук берди. Синхуа кабар агенттигинин маалыматына ылайык, зилзаладан 10 миллиондой киши жапа чекти. Дүйшөмбү күнү болгон силкинүүнүн күчү дээрлик 8 баллга жеткен. Кытайдын Коргоо министрлиги гуманитардык иштерге дагы 71 аскерий жана 30 граждандык тик учак тартылат деп кабарлады. Расмий маалыматтарга караганда 27 миңдей адам урандылардын астында кала берүүдө же дайынсыз жоголууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG