Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:34

Өткөн жылы Кыргызстан менен Литванын --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/C7421178-DD4E-45DA-8F23-11D49B741712.ASP соода алакасы 7,7 млн. долларды түздү. Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык карым-катышты күчөтүү, Литва инвестициясын Кыргызстанга тартуу, Азиядан Европага ташылчу жүктөргө кыска жол ачуу сындуу маселелер Литванын өкмөттүк делегациясынын Кыргызстандагы эки күндүк иш сапарынын учурунда талкууланды.

Балтик деңиз жээгиндеги мурунку советтик Литвада 3,5 миллион калк жашайт. 2006-жылы өлкөнүн ички дүң продуктунун көлөмү 20,5 миллиард еврону түзсө, ушу тапта ал 100 миллиард литодон ашты. 1 евро катышы 3,4 лито экенин эсепке алганда Кыргызстан сындуу эле 1991-жылы СССРден бөлүнүп чыккан бул республиканын экономикалык жагынан канчалык алдыга кеткенин элестетишке ашкан акылдын деле кереги жок.

- Литванын азыркы өнүгүү динамикасы таң калтырбай койбойт. Бул өлкөнүн ар бир адамынын үлүшүнө 12 миң евро туура келет. Кирешени жан башына бөлө келгенде Литва биртоп европалык өлкөлөрдөн алдыда. Мунун баары эмненин эсебинен болду деген суроо коюлса, анын жообу экономиканын либералдашында деп айтса жарашат. Бул өлкө биз эмдигиче чочулап жаткан жолду басып өткөн. Литва ишкердикке, менчиктештирүүгө басым койгон. Анын жыйынтыгы мыкты чыгып отурат, - деп айтты Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов эки өлкө ишкерлеринин жыйынынан соң.

Анын оюн улап Литванын премьер-министри Гедиминас Киркилас кичинекей өлкөнүн тикелей инвестициясы миллиарддаган долларга көчүп өткөнүн маалымдады.

- Биздин кошунабыз Калининград облусу, Орусия менен чектешпеген, ортодо калган анклавы. Калининград облусундагы литвалык ишканалардын саны 600. Биз жаныбыздагы Латвияга арбын инвестиция жумшайбыз. Кыргызстан менен соода-алакабыз 25-26 миллион евро. Латвия менен алака-катышыбыз миллиард менен өлчөнөт. Польша, Эстония менен деле ошондой.

Литванын Кыргызстан менен соода мамилесин жакшыртуу аракетине өтүшү ириде Европа биримдигинин Борбор Азия республикалары менен алака-катышын күчөтүү, Кытайдан чыкчу товарларды кургак жол аркылуу Батыш базарына жеткирүү ниетинен чыгууда. Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун айтуусунда, дүйнөлүк деңиз жолу менен бир жарым айда Европага жеткирилчү жүк темир жол менен 10-15 күндө барып калат.

- Эгер ушул ордунан чыгып калса Литванын темир жолчулары 80 миң тонна эмес, 5 миллион тоннанын тегерегинде жүктү ташыйт. Аларды кызыктырып жаткан эң чоң маселелердин бири ушул болуп жатат. Экинчиден, үзгүлтүксүз энергия булактары, анан да жер шарынын ысып баратышынан улам алар биздин гидроэнергетикабызга да кызыгышууда.

Кыргызстандын жалпы энергетикалык кубатынын 10% жетпеген бөлүгү гана пайдаланылып жатканы эки өкмөт жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүндө көп козголду. Бирок да арзан делген энергияга кымбат инвестиция келбестигин Литванын мурдагы өкмөт башчысы, Литва өнөржайчылар конфедерациясынын президенти Брониславас Лубис ырастады.

- Киловат-саат канчалык кымбат болсо станция куруу ошончолук кызыктуу болот. Эгер киловат-сааттын баасы төмөн болсочу? Мен муну айткым келет. Биздин атомдук станциябыз бар. Европалык, башка чен-өлчөмдөр менен алганда анын баасы арзан. Аны токтотуп койсок 1 киловат-саат энергиянын баасы болбоду дегенде 30 америкалык центке чыгат.

Б.Лубистин айтуусунда, энергетика тармагына жумшалчу инвестиция 10-12 жылда өзүн акташы керек. Долбоордун өзүн-өзү акташы андан узакка созулуп кетсе инвестиция кайрымжысынын кайтаралышы күмөндүү болуп калат. Аны ушу таптагы Кыргызстан менен Тажикстандын ири энергетикалык долбоорлорунун тагдыры деле айкын көрсөтүп туру. Батыш өлкөлөрүнүн чен-өлчөмүнөн алганда Кыргызстандын арзан электр энергетикасына ири инвестициянын маалкатып келбей жатышынын бир себеби мына ушу жагдайга такалууда.
XS
SM
MD
LG