Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:44

Аида Касымалиева, Прага Ак аюуларды изилдеген окумуштуулардын жана мергенчилердин айтымында, акыркы кездери тамак издеген ак аюулар эзелден жердеген аймактарын ташташып, башка жактарга көчүп кете башташты. Кээ бир эркек ак аюулар ачкачылыктын айынан ургаачыларын жеп коюшууда. Климаттын өзгөрүшү Арктикадагы муздардын ээришине --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/04/58FC0385-20D8-4064-8DA1-17E7B3F326B2.asp алып келип, ак аюулардын өмүрүнө коркунуч жаралууда. Абал ушунчалык оор болгондуктан, АКШ ак аюуну жаныбарлардын “жоголуп бараткан түрлөрүнүн тизмесине” киргизди.

Арктикада муздардын ээришинен улам ак аюулар жаныбарларды кармап жей албай калышты. Алардын көбү сууга чөгүп кетишүүдө. Себеби аюулар эс алчу муздар ээрип, жарылып жатат.

АКШнын өкмөтүндөгү окумуштуулардын божомолу боюнча ак аюулардын үчтөн экиси 2050–жылга дейре жоголуп кетиши ыктымал.

Ак аюу “жоголуп бараткан түрлөрдүн” тизмесине киргизилер менен климаттын өзгөрүүсүнүн планетага тийгизген залакасынын символуна айланды.

2004-жылкы изилдөөлөр боюнча, Түндүк уюлда аба ырайы башка жерлерге салыштырмалуу эки эсе тез жылып жатат.

Ак аюулардын оор акыбалы, алардын жүрүм-туруму өзгөрүп бараткандыгы тууралуу материалдар сонку мезгилдерде массалык маалымат каражаттарынан көп бериле баштады. Маселен, ачка эркек аюу ургаачысына кол салууда. Табиятынан эркек аюу ургаачысына караганда күчтүүрөөк болот. Американын Аляскадагы геологиялык изилдөөсүнө караганда, 2004-жылы үч ак аюу өз боорлоруна жем болгон.

Ошол эле убакта тамак издеген ак аюулар Түштүктү көздөй агылышууда. Алар адамдарга да кол сала башташты. 2006-жылдын декабрь айында эки ак аюу 200 чакырым жол жүрүп, Чукотка деңизинин боюндагы эки орус айылына жетишкен.

Бирок ак аюунун “коркунуч алдындагы жаныбарлар” тизмесине кириши – проблеманы чечпейт дешет экологдор. Себеби бул тизме климаттын өзгөрүшүн токтотуп кое албайт.

“Гринпис” уюмунун серепчиси Керт Дэвис Рейтер агенттигине берген интервьюда энергияны керектөөнү азайтыш керектигин айтты.

-АКШнын ак аюуну “Жоголуп барткан жаныбарлардын тизмесине” киргизүүсү бийлик бутактарынын аларга болгон мамилесинин өзгөртүүсү керек экенин билдирет. Алар муну менен: “Ырас, бул кадамдын өндүрүштүк газдарды азайтууга же энергия долбоорлоруна эч кандай таасири жок” деп жатышат. Ошондуктан бул “тишсиз” мыйзам.

АКШда 20 миңден 25 миңге чейин ак аюу жашайт. 15 миң чамалуу ак аюу Канадада жашайт. Бирок Оттава ак аюуну “кызыл китепке” киргизе элек.
XS
SM
MD
LG