Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

АКСЫ СОТУ: ЭЛДИЯРДЫ КИМ ӨЛТҮРГӨНҮН ЭЧ КИМ БИЛБЕЙТ


15-майда Аксы окуясы боюнча айыпталып ички иштер министринин мурдагы орунбасары Калмурат Садиевге --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/05/7BB6CED8-A2FC-4844-A11B-07603030C9F5.ASP байланыштуу сот иши жыйынтыкталды. Бишкек гарнизондук аскер соту анын иш-аракетинде кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу аны күнөөлүү эмес деп тапты. Аксы окуясы боюнча Жалалабатта улантылып жаткан республикалык аскер сотунун көчмө жыйынында саат үчтөн кийин жарыш сөздөр башталды. Аксылык жабырлануучулардын адвокаты 2002-жылдын 18-майында октон каза болгон жаш жигиттин өлүмүн изилдөөдө кыйла калпыстыктар кеткенин белгиледи.

Аксы районуна 2002-жылдын 17-мартында кечке жуук барган ички иштер министринин орунбасары Калмурат Садиев күч уюмдарынын иштерин жетиштүү түрдө башкара алган эмес. Анын натыйжасында 18-майда кечки саат тогуздарда Элдияр Үмөталиев аттуу жаш жигитке белгисиз адамдын куралынан ок жаңылып, ал ооруканада үзүлгөн. Бишкек гарнизондук аскер сотунун жыйынында ушинтип сүйлөгөн аскер прокурору Акылбек Абдраев Калмурат Садиевге кызмат абалынан пайдаланган деп айып тагууну сотко сунуш кылды:

- Садиевди айыптуу деп таап, кылмыш кодексинин 304-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык кылмыш жасаган деп табууну жана үй-мүлкүн конфискациялабастан жаза катары аны 3 жылга абак-жатакка эркинен ажыратууну соттон өтүнөмүн.

Калмурат Садиев Үмөталиев аттуу бала каза болгонун ошо күнү кечки саат ондон кийин уккан. Анын айтымында жазалаш керек болсо, күн сайын өлгөн адамдар үчүн ички иштер министри менен коопсуздук кызматынын төрагасын да соттоо зарыл. Прокурор койгон айып менен макул болбогон генерал соттон маселени акыйкат өкүм чыгарууну суранса, анын жактоочусу бир нече суроолорго жооп табылбаган тергөөдө көптөгөн кемчиликтер кеткендигин белгиледи:

- Мени Үмөталиевдин өлүмү боюнча айыптоону негизсиз деп эсептеймин. Эгер ага райондук ички иштер бөлүмүнүн жанында ок жаңылган болсо, анда өзүмдү кандайдыр бир моралдык деңгээлде күнөөлүү санамакмын. Окуя РОВДдан 700 метр ары жакта болуп жатпайбы.

Соттун жүрүшүндө Садиевге коюлган айыптар далилденген жок. Ага байланыштуу аскер соту Жакыпбек Бектемиров ага актоо өкүмүн угузду.

Сот Калмурат Садиевди айыптуу эмес деп тапты. Иш-аракетинде кылмыштын курамы болбогондуктан ал акталсын деди.

Республикалык аскер сотунда экс облпрокурор Зоотбек Кудайбергенов менен облмилициянын башчысы Кубаныч Токобаев жана ички иштер министринин 1-орунбасары Садырбек Дубанаевге коюлган айыптар боюнча жарыш сөз жүрдү. Зоотбек Кудайбергенов өзүнө тагылган кинелерди саясий иш деп баалады:

- Бир дагы прокурор азыркыга чейин айыптала элек. Кудайбергенов жазуу, же ооз түрдө бир эле көрсөтмө берсе ушул жерден кандай чечим чыгарсаңар мен макулмун. Бир ошондой көрсөтмө жок. Бирок тергөө органдар ошону жасап атат.

Аксы окуясы боюнча күбөлөрдүн берген көрсөтмөсүнө таянган адвокат Сартпай Жайчыбековдyн пикири боюнча Үмөталиевдин өлүмү толук изилденген жок:

- Унаадан атылган ок Элдиярга тийген. Мен барып башын көтөргөндө анын бети жана башы кан болуп жаткан. Мен унаанын түсү агыш экендигин гана көрдүм. Караңгы болгондуктан анын башка белгилерин байкай алган жокмун. Ал машинанын фарасы күйүп тургандыктан анын ичиндегилерди да көргөн жокмун. Ошол унаадан түшпөстөн туруп эшигин ачып атышты. Кошо жүргөн баланын айтканын тергөөчүлөрдүн бири да текшерген жок. Жалалбаттан, Бишкектен канча унаа алып келгенсиңер деген менин суроом ошол бойдон жоопсуз кала берди. Элдияр атылган жерге тергөөчүлөр барып, ал жерден ким атылды, кандай болду деген суроолорго жооп жазышкан жок. Элдияр өлгөн жерди карап да койгон жок эч ким.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG