Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

МОСКВА МЕНЕН КИЕВДИН “КАРА ТИЗМЕСИ”


Муса Мураталиев, Москва Москва шаарынын мэри Юрий Лужков 11-май күнү Кара деңиз флотунун 225 жылдыгын майрымдоо салтанатында Севастополь шаары СССР убагында аскерий-деңиз база катары Украинага берилген эмес, ошол себептүү ал азыр Орусиянын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/9E8E54E4-D185-4FB9-B1BA-C59DF3FC065E.asp жери болуп эсептелиши керек деп айткан. Украинанын коопсуздук кызматы, 12-май күнү, Лужковдун мындан ары Украинага келип-кетүүсүнө тыюу салган. Арадан бир күн өтпөй Москва мэринин Севастополдо сүйлөгөн сөзү орусиялык Мамдумада талкууланып, жыйынтыгында, атайын токтом кабыл алынган. 15-майда, кызмат сапары менен келаткан жеринен украиналык депутат Владислав Каськивди орусиялык коопсуздук кызматы "Шереметьево – 2" аба майданынан кармап, өлкөдөн чыгарып жиберген.

Москванын мэри Лужков «Севастополь – орустун калаасы» деп айткан күндүн эртеси Мамдуманын төрагасы Борис Грызлов журналисттер алдында, ал талаш боюнча, «атайын билдирүү кабыл алабыз» деген. КМШ маселелери боюнча комитеттин сунушу менен Севастополдун башын ачуу эртеси талкууланган жана атайын чечим кабыл алуу менен жыйынтыкталган. Мамдуманын депутаты А. Локот айтканга караганда «эки өлкө ортосунда алаканын сууй башташы – Украинанын НАТОго өтүү үчүн умтулуусунан улам болууда».

«Эхо Москвы» үналгысына берген маегинде Локот буларды айтты:

-Крымды талашуу абхазиялык жол менен өөрчүшү ыктымал. Ошол себептүү “Крым – Кара деңиз флоту түбөлүк туруучу орус жер” чакырыгы астында кол топтоо жүрүп атат, азыркы тушта ал чакырыкты колдогондор эсеби 110 миңге жетти.

Башка агенттиктер маалымдаганга караганда Мамдумада талкуу учурунда Лужковдун демилгесине «Адилет Орусия» партиясынан шайланган депутаттар каршы чыгышкан.

Байкоочу Вячеслав Игруновдун айтымында, бул жерде Киевге карата “эгерде тилди албасаңар, анда мына мындай иш болот” деп жыландын башын чыгаруу болуп жатат. Ошондуктан Москва шаар башчысынын сөзү анын жеке ою деп айтууга болбойт:

-Ал сөздөр кантсе да Лужковдун өз оюнан чыккан эмес. Мен анын орусиялык жогорку бийликтегилерде кеңеш салар кишиси жок деп айта албаймын.

Орусиялык таанымал саясатчынын Севастопол боюнча айткан чагым кеби орусиялык коомчулук маанайыбы же кокусунан айтылып кеткен сөзбү деген суроону украиналык байкоочулар да коюп жатышат. Алар ой бөлүшүүсүн өтүнүп, өлкөнүн жетекчисине кайрылышкан. Президент Виктор Ющенконун жообу мындай болгон:

-Мен бул маселе боюнча талашка түшкүм келбейт. Эмне дегенде чырды баштоо абдан оңой, кийин аны басуу жылдарды талап кылат. Ошон үчүн мен өзүмдүн да, орусиялык да саясатчыларга бир нерсени каалап кетким келет: биздин бир тилектештүү өнөктөштүгүбүздү жана эгемендүүлүгүбүздү сыйлоого чакырам. Мен Орусиянын улуу мамлекет экенин, анын түбөлүк кошуна экенин жакшы түшүнөмүн.

Бейшемби күнү Украинанын Жогорку Радасына депутат Владислав Каськивди орусиялык коопсуздук кызматы ара жолдо Шереметьев аба майданында кармап кайра Киевге учуруп жиберген.

Мындай кадамдын артында украин-орус мамилесинин кыйла курчуп калган маанайы жатат, дешет байкоочулар.

XS
SM
MD
LG