Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

ДҮЙНӨЛҮК АЗЫК-ТҮЛҮК КРИЗИСИ ОРУСИЯГА ЖЕТТИ


Аида Касымалиева, Прага Азык-түлүк кризиси Орусиянын жаңы президенти Дмитрий Медведев үчүн негизги баш ооруга айланчудай. Апрелде Орусияда негизги тамак-аш --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/DE65F2DA-BE6C-4974-9D2C-57E951FE3D85.asp продуктуларынын баасы 6.4 пайызга өстү. Бул Евробиримдик өлкөлөрүнө салыштырганда 3 эсеге көп.

Ушул жылы Орусияда нан, сүт жана эт өңдүү негизги азыктардын баасы 7 пайыздан 22 пайызга дейре көтөрүлдү. Март айында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча, орусиялыктардын 39 пайызы баалардын секиригин эң чоң улуттук көйгөй катары кабыл алышат. Алардын 38 пайызы инфляциянын коркунучун атаган. Сурамжылоого катышкандардын 27 пайызын айлык акынын аздыгы түйшөлтөт. Жооп бергендердин 8 гана пайызы коррупция маселесин көтөрүшкөн.

Былтыр декабрда орус өкмөтү негизги азык-түлүк азыктарынын баасын бир деңгээлде кармап туруу планын иштеп чыккан. Ушул жылдын башында Владимир Путин каржы министри Алексей Кудринди инфляция боюнча атайын комиссиянын жетектетип, апта сайын өлкө ичиндеги тамак-аш баалары боюнча отчет берип турууну тапшырган. Алексей Кудрин жаңы түзүлгөн өкмөттө да мурдагы ордун сактап калды.

План боюнча баалар 30-апрелге чейин өсмөк эмес. Ага чейин өкмөт атайын "тамак-аш коопсуздугу" боюнча мыйзам долбоорун даярдап, анын негизинде “социалдык жактан маанилүү” деп аталган жети азык-түлүккө бир баа орнотулмак. Анан дагы калктын өтө жакыр катмарына тамак-аш талондорун таратуу демилгеси да көтөрүлгөн. Бул демилгелер мурдакы Советтер Союзунун ушул жаатта жүргүзгөн саясатына окшош болгондуктан, аны көптөгөн экономисттер анчейин жактырышкан жок.

Акыркы үч жыл ичи Дмитрий Медведев айыл-чарба тармагын бутуна тургуза алчу амбициялуу долбоорду издеп, тамак-аш каатчылыгын саясий чечимдер менен жөнгө салганга аракеттенди. Медведевдин айтымында, чечкиндүү аракеттер көрүлбөгөндө, Орусия азыр алда канча жаман акыбалда калмак.

“Эң аянычтуусу - сен күн-түн дебей иштейсиң, анан карасаң эле дүйнөлүк рыноктон айрым кесиптештердин катасынан ушундай баш оору келет. Анын кесепетинен бүткүл планета жабыр тартууда”, - деп санаркаган Орусиянын жаңы президенти Дмитрий Медведев.

Ошентсе да дүйнөнү каптап келаткан азык-түлүк каатчылыгы тууралуу сөз башталганда эле, Орусия дүйнө жүзү боюнча тамак-ашты импорттогон өлкөлөрдүн биринчи катарында экендигин унутуп калат дешет серепчилер. Орусия жылына өзү керектеген тамак-аштын жана башка азык-түлүктүн 45 пайызын сатып алат.

Дүйнөлүк Банк жана Бириккен Улуттар Уюму өткөн айда жасаган божомолдору боюнча дүйнөдө азык-түлүктүн баасы дагы өсө бермекчи. Кийинки он жылдыкта баалардын жогорулашы күчөйт. Орусиянын импортко болгон көз карандылыгы жергиликтүү жана дүйнөлүк базарга өз таасирин тийгизбей койбойт.

Орусиянын артыкчылыгы – айыл-чарба тармагын өнүктүрүү үчүн өлкөдө жер жана суу байлыгы жетиштүү. Кемчилиги – тамак-аш жетишсиздигин жеңүү үчүн көрүлгөн аракеттер тез арада жасала койбойт. Ал үчүн Орусияда жумушчу күчү жетишсиз, инфраструктура жок жана айыл-чарба тармагын тез калыбына келтирчү каржы механизмдери иштелип чыккан эмес.

Азык-түлүк кризиси колунда бар жана колунда жоктордун ортосундагы ажырымды ого бетер курчутууда. Дүйнө элинин бай бөлүгү тамак-ашка азыркыдан да көп акча жумшап, керектөөлөрүн чоңойто алса, тапкан акчасынын 60 пайызын тамакка короткон бейбечаралардын турмушу ого бетер оорлойт.

XS
SM
MD
LG