Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

ПУТИНДИН “КЫРГЫЙЫ” – СЕЧИН ЖӨНҮНДӨ КЫЙПЫ КЕП


Россиянын мурдагы президенти, азыркы премьер-министри Владимир Путин эл көзүнө көрсөтпөй таптаган “кыргыйларын” жаңы өкмөттө --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/F863C487-2A35-496C-ACD5-3856FE2ABAD5.asp жооптуу кызматтарга койду. Алардын бири Игор Сечин премьердин орунбасарлыгына көтөрүлдү жана өнөр жай, энергетика, табигый ресурстар тармагына жооп бере турган болду.

Путинди 1996-жылы Москвага кызматка которушканда Санкт-Петербургдагы шакирттеринен жалгыз ушу Сечинди кошо ала келген экен. Анын соңунан акырындап калгандары федералдык өкмөттүн, кийин президенттин кеңсесине чакыртыла баштаган.

Сечин болсо 2002-жылдан тартып быйыл майдын башталышына чейин президент администрация башчысынын орунбасары болуп турду. Буга кошо орус энергетикасынын улуттук сыймыгына айланган “Роснефть” компаниясынын директорлор кеңешине төрагалыкка шайланып, азыр да бул кызматын сактап калды.

Сечинге тишин кайрагандар ага ар түрдүү ылакап аттарды жабыштырып жүрүшөт. Аны адатта Путиндин “сереги”, “силовиктер” кланынын анабашы, көшөгө артындагы “тактекечи”, Россиянын “көмүскөдөгү падышасы” деген өңдүү өсөк сөздөр менен сыпатташат. Швециялык экономист Андерс Аслунддун атүгүл Сечинди Кремлдин “макиавеллиси” деп атаганы бар. ”Коммерсантта” жарыяланган бир макалада соңку сегиз жыл ичинде менчикке жана бийликке байланышкан бардык жаңжалдарда Сечин “башкы оюнчу” болгону айтылат.

Экс-миллиардер Михаил Ходорковский да немец гезиттеринде жарыяланган маектеринде ЮКОСту устукандап-жиликтеген “бөкөлдүн” бири ушул Сечин экенин белгилеген. Белгилүү бизнесмен Олег Шварцман былтыр ноябрда эле өлкөдөгү ири жеке менчиктин баарын кайра мамлекет карамагына алуунун кыйды жолун Сечин сунуш кылганын айтып, аны “Кремлдин рейдери” деп көрсөткөн. Бул ойду россиялык бизнестин дагы бир өкүлү Олег Киселев колдогон.

Сечин Путинге окшоп КГБда кызмат кылган эмес, бирок бир кезде Мозамбикте жана Анголада аскери кеңешчинин тилмечи болуп иштеген. Оппоненттери Сечиндин КГБ менен кызматташтыгы ошол кезден башталган дешет. Анын оңойлук менен ачылып-жазылбаган ичим таптыгын, тымпыйма мүнөзүн, кала берсе өмүрүндө күлүп түшкөн сүрөттөрү аз экенин да ушуга байланыштырышат.

Деген менен Сечинди көп жылдан бери билгендер, алардын ичинде АвтоВАЗдын президенти Борис Алешин аны таланттуу, кандай иш болсо да анын майын чыгара жасаганды жакшы көргөн мээнеткеч, уюштургуч жөндөмү, жетик жетекчилик көрөңгөсү бар адам катары мүнөздөшөт. “Транзас” компаниясынын президенти Николай Лебедев да ушундай пикирде.

“Мурас” фондусунун Москвадагы бөлүмүнүн эксперти Евгений Волктун айтымында, Путиндин тушунда түзүлгөн бардык бийлик структурасы ошол бойдон калды. Алтургай Путин мурда президентке караган айрым укуктарды да премьер-министр катары өзүнө өткөрүп алды, муну менен өкмөт башчынын бийлигин ого бетер бекемдегенге жетишти.

Көпчүлүк байкоочулар мурда Путиндин кол алдында иштегендердин көбү, алардын ичинде Сечиндин да өкмөткө келгенин ушуну менен түшүндүрүшөт. Ошол эле учурда алар Сечиндин мындан аркы кызмат ыкыбалына карап Медведевдин доору кандай болорун осмоктоп билгенге болот дешет.

XS
SM
MD
LG