Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Бүгүн Тажикстандын Хожент шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Курманбек Бакиев менен Эмомали Рахмон жолугушту. Хожент шаарынын аба майданында Кыргызстандын президенти К.Бакиевди Тажикстандын лидери Э.Рахмон тосуп алды. Салтанаттуу аземден кийин эки өлкөнүн --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/04/73096FE2-73E7-47DE-8410-14F4F6BE4C12.asp лидерлери Кайраккум шаарындагы тажик президентинин резиденциясына жөнөп кетишти. Ал жерде эки өлкө башчынын тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрү белгиленген. Анда былтыр сентябрда Бишкектеги жолугушуу учурундагы макулдашуулардын аткарылышы талкууланмакчы.

Хоженттеги бүгүнкү жолугушуу тажик президенти Эмомали Рахмондун былтыр сентябрда Бишкекке жасаган расмий сапарынын учурунда белгиленген. Бул жолугушууда эки өлкө ортосундагы эң талылуу маселелердин бири - мамлекеттик чегараларды аныктоо ишин тездетүү маселеси да козголоору кабарланууда.

Анда кандай маселелер каралаары тууралуу кыргыз президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев буларга токтолду:

-Жолугушуда эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий багыттагы кызматташтык маселелери талкууланат. Аны менен катар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери да козголмокчу.

Чегара демекчи, дал ушул маселе азыр кошуна эки өлкөнүн тең башын ооруткан эң талылуу, негизги маселелерди бири. Бул маселе былтыр Бишкектеги жолугушууда козголуп, анда кыргыз-тажик чегарасынын тең жарымдайы аныкталып калганы айтылган. Бирок андан бери деле оозго аларлык жылыш байкала элек. Миң чакырымга жакын чек ара тилкесинин азырга чейин такталган аймагы тоо кыркалары менен кеткен тилкеге туура келет.

Өрөөндү аймактарда, тактап айтканда Баткен жана Согду облустарынын ортосундагы чек ара тилкеси бир топ чырмалышып кеткендиктен аны тактоо кыйынга тураарын адистер да белгилеп келишет. Дал ушул аймактарда талаштуу делген бир канча аймактар бар. Тараптар буга чейин такталмайынча бул жерлерди өздөштүрбөй туруу боюнча бир канча ирет макулдашкан. Бирок ага карабай тажик тарап мындай жерлерди иштетип, атүгүл ири курулуштарды сала баштаганы байма-бай айтылып келет.

Дал ушул чегаралар чиеленишкен Баткендин Актатыр айылынын тургуну Кадыр Кудаяров жер-суу талашынан улам кошуна эки элдин ортосунда тез-тез чыр чыгып тураарын, чегара такталышын эл зарыгып күтүп жатканын айтат:

- Эми бир канча жерлер талаш делген бойдон чечилбей турат. Мамлекеттер аралык деңгээлде гана чечиле турган бул маселе кечеңдегенден кечеңдөөдө. Ал ортодо кошуна эки элдин ортосунда жер-суу талашынан улам майда-чүйдө чыр-чатактар тез-тез чыгып турат. Ар кандай форматтагы жолугушуулар өтүп эле келет, бирок андан эч кандай маселе чечилбейт...

Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Жураевдин баамында болсо бул маселеде тажик тараптын шашкан түрү жок:

- Тажикстандын бул маселеде аракети байкалбайт. Географиялык жана демографиялык жагынан караганда тажик тарапка азыр чегара тактоонун кызыкчылыгы жок. Ошон үчүн алар шашпайт. Бирок ага карабай биз маселени коюп, аракет кылышыбыз керек. Эми бул маселени президенттер үстүртөн эле карап койсо туура болбой калат.

Мурат Жураев ошондой эле бул маселе өтө кылдаттыкты талап кылаарын, кыргыз тараптын бул багытта иш жүргүзгөн адистери өлкө жетекчилигине так, туура маалымат бериши зарылдыгын кошумчалады.

Башка жагынан алсак Кыргызстан менен Тажикстан көп жагынан окшош. Экөө тең аймагы чакан, тоолуу өлкө, социалдык-экономикалык абалы да негизинен бирдей, калкынын көпчүлүк бөлүгү сырттан жумуш издөөгө аргасыз. Газ жана мунайы аз. Бирок сууга жана гидроэнергетикалык ресурска бай. Айрым талдоочулардын пикиринде, эки өлкө ушул багытта биргелешип иш жүргүзсө, аны пайдалана алса аймактагы эң бай мамлекеттерден болмок.

Тажикстандагы мурдагы кыргыз элчиси Мирослав Ниязов ушул жагынан алганда бул өлкө бизге эң жакын стратегиялык өнөктөш деп эсептейт:

- Борбор Азиядагы суунун 90 пайызын ушул Кыргызстан менен Тажикстан берет. Эки өлкөнүн 700 миллиард киловатт саатка чейин электр кубатын чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Өтө кубаттуу энергетикалык индустрияны салса болот. Ушул жагынан алганда Тажикстан бизге эң жакын стратегиялык өнөктөш болот. Бул эки өлкө биригип, суу менен, энергетика менен чоң саясат жүргүзө алат.

Мирослав Ниязов ошондой эле учурунда бул боюнча келишимдер да түзүлүп, бирок кийин аткарылбай калганын, эки өлкө баары бир буга мажбур болоорун, бирок ал өтө кечигип баратканын кошумчалады. Кеп эми ошол удулу келип турган стратегиялык маселеде кошуна эки өлкө канчалык тил табышып, аны канчалык пайдалана алаарында.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG