Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

11:36 М.Кулешов: “Президенттин кетишине жардам беребиз” акциясына тоскоол болушту


“Адам укуктары боюнча Токмок ресурстук борборунун” жетекчиси Максим Кулешов кечээ Токмок шаарынын борбордук аянтында “Президенттин кетишине жардам беребиз” аттуу акция өткөрүүгө аракет кылып, бирок ага күч органдары жолтоо болгонун билдирүүдө. Акциянын максаты Кыргызстандын жарандарынан президенттин кызматынан өз эрки менен кетүүсүн талап кылган кол топтоо болгон. “Токмок шаар прокуратурасынан мага эскертүү беришти. Мындай акцияларды уланта турган болсом жазалана турганымды айтышты. Өзүмдүн баш мыйзамда жазылган укуктарымдан пайдаланып акция өткөрүп жатканымда мага жолтоо кылышып, милиция кызматкерлери мени машинага салып кетүүгө аракет кылышты“,- дейт Максим Кулешов. Ошондой эле ал акция тоскоолдуктарга кабылганга чейинки кыска убакта 20 адам президенттин өз эрки менен кетүүсүн талап кылган арыздарды жазганга үлгүрүшкөнүн, бүгүн ал арыздар президенттин администрациясына тапшырыларын айтты. (IJz)

XS
SM
MD
LG