Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

К.ЖУМАКАНОВ: МАЛДЫ ӨЗ УБАГЫНДА ЭМДӨӨ ЭКОНОМИКА ҮЧҮН ЗАРЫЛ


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Өлкөнүн мал чарба тармагында Каржы министрлиги малдын өтө кооптуу делинген инфекциялык ылаңына каршы эмдөө препараттарын сатып алууга каражат бөлүп бербей келиши кооптуу жагдайды түзүп кетти. Эмне себептен каражат --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/03/124CDB4C-DD8B-44F2-8F41-3129A94D51CF.asp кечеңдеп жатканы жана эмдөөнүн өз убагында жасалбай калышынын кесепеттери тууралуу Мамлкеттик ветеринария департаментинин директору Калыс Жумаканов “Азаттыкка” маек куруп берди.

-Малды эмдөө препараттарына каражатты бөлүп берүү маселесин Каржы министрлиги кечээ эле чечип берген экен. Эмне себептен бул маселе ушунча убакытка чейин чечилбей келди?

-Чындыгында азыр республикада малдын арасында эпизотиялык абалды камсыз кылыш өтө татаал нерсе. Азыр жалгыз эле биздин мамлекетте эмес, биздин коңшу мамлекеттердеги, дүйнө жүзүндөгү эпизотиялык абал чындыгында оор болуп атат. Ветеринардык дары-дармек менен камсыз болуп, малды өз учурунда эмдөө өтө керектүү нерсе.

Быйылкы 2008-жыл үчүн акча каражат азыраак бөлүнгөн, жылдын башында эле бул мыйзам менен бекип калган. Анан биз экинчи жарым жылдыкта биздин Каржы министрлик узартып берет деген ниет менен жүргөнбүз. Биз эртерээк камынганбыз, азыр өзүбүздүн резервибиз бир аз бар эле.

-Бул ирет Каржы министрлиги канча каражат бөлүп берди?

-Бул ирет 52 млн. сом өлчөмүндөгү акчаны Каржы министрлиги бизге кечээ чечип берди. Ошого да ырахмат. Анткени биз бул акчаны пайдаланып күзгө чейин ветеринардык дары-дармектерди мал чарбачылык үчүн алып коебуз деген ниетте азыр өзүбүздүн ишибизди пландап баштадык.

-Ылаңды алдын алууга каражаттын кечиктирилишинин кесепеттери кандай болушу мүмкүн?

-Бул убагында чечилип калды. Эгерде кеч болуп кеткенде, анда биз кечирээк сатып алат элек. Малда дайыма жугуштуу оруларга каршы иммунитет болуп туруш керек. Ушуну камсыз кылуу үчүн өз убагында эмдөө иштерин жүргүзүү зарыл. Эгерде дары-дармек болбой калса, учурунда мал эмделбей калса, анда жугуштуу оорулар чыгып кетиши мүмкүн, анан малга дагы, элге дагы, экономикага да чоң зыян алып келет.

-Калыс мырза, ылаңга каршы эмдөө өз убагында жүргүзүлбөгөндүктөн малдын этин коңшу мамлекеттерге чыгарууга тыюу салынган экен. Мындай чара канча убакытка чейин созулушу мүмкүн?

-Өткөн жылы эпизотиялык абал оор болгондугуна байланышту, былтыркы жылдын 23-июлда Россия, Казакстан сыяктуу мамлекеттер бизде эпизотиялык абал оор болгонуна байланыштуу тыюу салган. Азыр бир жылдан бери биз эпизотиялык абалды стабилдүү пайдаланып келатабыз. Ушул учурдан пайдаланып айта кетишим керек, бул жалгыз ветеринардык кызматтын колунан келбейт.

Жергиликтүү бийлик органдары, мал ээлерине тиешелүү болгондуктан жапа тырмак ветеринардык-санитардык эрежелерди туура сактап, ветеринарлардын иштерин жакшы уюштурууга жардам берсе, анан мамлекет тарабынан өз убагында каржы бөлүнүп турса эле, биз өзүбүздүн стратегиялык планды иштеп чыгып, бекитип алдык, Кудай буюрса жакынкы 2-3 жылдын ичинде өлкөдө стабилдүү эпизотиялык абалды камсыз кылабыз дагы, азыркы экспортко байланышкан проблемалар бизде болбойт деп ойлойбуз.

-Нарында малдын чечек ылаңы күч алгандыктан карантин жарыяланган экен. Ушул кырдаалга токтоло кетсеңиз?

-Нарында бул оору күч алган жери жок. Малдын эмес, бул койго гана тиешелүү оору, койдун күл ылаңы деп коет, же болбосо “оспа овец” деп аталат. Нарын шаарынын тегерегинде бир жерде мал топтолуп аткан жерде чыгып кетиши мүмкүн деп айтып атпаймбы. Малдын арыктыгына байланыштуу жана вакцинанын жетишпегендигине байланыштуу шек пайда болду. Азыр лабораторияда изилденип атат. Бирок биз лабораториянын жыйынтыгын күтүп отурбай, ошол жерге карантин кылып, кыймылын көзөмөлдөп, иштерди баштап жибердик. Ошондуктан азыр эч кандай коркунуч жок.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG