Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

17:26 Оштун жаштары «СтанТВ» компаниясынан кечирим суроону талап кылууда


Бул туурасында өлкөнүн түштүгүндөгү студенттерди бириктирген коалициянын лидерлеринин бири Айбек Исаев бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш депутаты, Социал-демократтар партиясы фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимовдун Оштун жаштары менен жолугушуусун «СтанТВ» бурмалап көрсөтүп, атүгүл кээ бир студенттердин сөздөрүн туура эмес которуп, жок фактыларды кошууга чейин барышкан. Ошондуктан, телекомпания кечирим сурап, түзөтүү бербесе, сотко кайрылууга мажбур болушат. «СтанТВ» медиа мекемесинин түштүктөгү кабарчысы Бегайым Садыкова окуяны чагылдырууда калпыстыкка жол коюлбагандыгын, текстти которуу убагында жаштардын сөзүнүн мааниси бузулбагандыгын, андыктан кечирим суроо ниети жоктугун, сотко берүү аракетин сөз эркиндигине кысым катары түшүнөөрүн билдирди. (АТо)

XS
SM
MD
LG